БШК Бишкек мэрин шайлоо күнү 9-январга чейин жарыяланат

Бишкек шаардык кеңешинин жаңы курамы мэрди кайрадан шайлашы керек. Добуш берүү күнү боюнча 9-январга чейин белгилүү болот.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын башчысын шайлоо качан өтүшүн 9-январга чейин чечиши керек.

«Борбордун макамы жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин жаңы курамынын биринчи отурумунан кийин 10 күндүн ичинде шайлоо күнүн жарыялашы керек — жакында түзүлгөн шаардык кеңештин жаңы курамы 30-декабрдан тарта иштей баштаган.

Учурда мэрдин милдетин аткаруучу болуп президенттик социал-демократтардын тарапташы Албек Ибраимов иштөөдө.

Борбор калаанын мэрлигине талапкерлерди шаардык кеңешке жакында өткөн бардык фракциялар жана премьер-министр сунуштай алышат.

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо 11-декабрда болуп өткөн.

Бишкек шаардык кеңешинин жаңы курамы төмөндөгүчө түзүлгөн:

  • КСДП — 13 орун;
  • «Республика — Ата-Журт» — 12 орун;
  • «Өнүгүү-Прогресс» — 8 орун;
  • «Мекеним Кыргызстан» — 7 орун;
  • «Кыргызстан» — 5 орун.

Ибраимов мэрлик кызматты болжолдуу он айдан бери аркалап келүүдө, ал 2016-жылдын февралында мэр болуп шайланган.