Индонезияда өрт кырсыгы: 20дан ашык адам набыт болду

Жакартага жакын жайгашкан аралга адам ташыган кемеден өрт чыгып, 23 адам каза болгон, дагы 32синин ар кандай даражада денеси күйгөн.

Соңку маалыматтарга караганда, 23 адам өлүп, 32си ооруканага жеткирилген. Туристтик кемеде кыргызстандыктардын бар-жок экени азырынча белгисиз.

Кеменин бортунда 248 турист болгон. Полициянын версиясы боюнча, өрт генератордон чыккан чыңалуудан тутатнган.

Жүргүнчүлөр кеменин үстүндө дүрбөлөң түшүп, сууга секирип кетишкен.

«Коюу түтүн кокустан пайда болду», — деген кырсыктан аман калгандардын бири Арди Жакартадагы ооруканада. Ал кемеде баласы менен болгон.

Айтымында, өрт күйүүчү май сакталган жерден алыс эмес жайдан чыккан. Натыйжада кеме толугу менен күйүп кеткенден кийин аны жээкке алып чыгышкан.

Индонезия 17 миңден ашуун аралдан турат, ошондуктан суу транспорту өлкөнүн башкы жер которуу каражаты. Суу кырсыктары өлкөдө маал-маалы менен катталып турат. Негизинен кырсык кемелердин ашыкча жүк салып алганынан улам болот.

Сүрөт: Reuters