Бишкектин мэрин шайлоо: Ибраимовдун атаандашы «Өнүгүү-Прогресстен» талапкер болду

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлер: Албек Ибраимов (солдо) жана Нурдин Абдылдаев.

Бишкек шаардык кеңешиндеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы кыргыз башкалаасынын мэринин кызматына Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин койду. Азырынча ал азыркы шаар башчы Албек Ибраимовдун бирден-бир атаандашы.

Азырынча Бишкек мэринин кызматына келе жаткан шайлоодо ат салышаарын эки талапкер билдирди. Биринчиси — президент Алмазбек Атамбаевдин өнөктөшү, азыркы шаар башчы Албек Ибраимов. Экинчиси — «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан талапкерлигин койгон Нурдин Абдылдаев.

Талапкерлерден өтүнмө алуу 4-январда аяктайт, шайлоонун өзү болсо бир жумадан кийин — 11-январда өтөт. Талапкерлерди сунуш кылуу укугу Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары менен коалицияларында жана премьер-министрде бар.

Мэрдин кызматына талапкерлер үчүн Бишкектин былтыр 11-декабрда шайланган жаңы 45 депутаты добуш берет. Добуш берген депутаттар 30дан кем болбосо, мэрди шайлоо өттү деп эсептелет.

Талапкерлер тууралуу дагы эмне белгилүү?

Албек Ибраимов

Албек Ибраимов — Бишкек мэринин милдетин аткаруучу, «Эл аралык «Манас» аба майданы» ААКтын мурдагы жетекчиси. КСДПдан, «Республика — Ата-Журттан» жана «Кыргызстандан» турган жаңы көпчүлүк коалиция анын талапкерлигин Бишкек мэринин кызматына бир добуштан сунуш кылды.

Ибраимов кыргыз башкалаасында орто эсеп менен 10 айдан бери мэр катары иштеп келатат, ал былтыр фералдын аягында шайланган. Мурунку шайлоодо ал жалгыз талапкер болгон.

Мэр катары анын негизги жетишкендиктеринин бири — ага чейинкилер оңдоп беребиз деп убада берип жүргөн «Дельфин» бассейнин калыбына келтиргени.

Оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев Ибраимовду жер участогун президент Алмазбек Атамбаевге үй салганга мыйзамсыз өткөрүп берген деп күнөөлөгөн.

Ибраимов өзү муну танып, Текебаевдин сөздөрүн ар-намыска доо кетирүү катары баалаган. Мэр оппозициячыны сотко берип, азыр экөө соттошуп жүрөт.

Нурдин Абдылдаев

Нурдин Абдылдаев — Бишкек шаардык кеңешинде көпчүлүк коалицияга кирбей калган «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын талапкери. Ал үч мекемеде министрдин орун басары болуп иштеп, III чакырылыштагы парламентте депутат болгон.

Абдылдаев Ысык-Көл облусунун губернаторунун кызматын да убактылуу аркалаган. Ал өзүн «өндүрүш, өнөр жайы жана облусту башкаруу деген эмне экенин билген тажрыйбалуу башкаруучу» деп эсептейт.

«Мен өз мүмкүнчүлүгүмдү оң баалайм. Эгерде мүмкүнчүлүгүм болбосо биз бул кызматка өз талапкерибизди сунуш кылбайт элек. Бизде шаарды өнүктүрүүнүн альтернативалуу программасы бар. Биз айрым нерселерди башкача кылмакпыз», — деди ал «АКИпресс» маалымат агенттигине.