Казакстан 64 өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин жеңилдетет

Январдан тартып Казакстанга Европа Биримдигинин, КМШнын жана башка өлкөлөрдүн жарандары визасы жок бара алышат. Буга чейин Казакстан менен 19 мамлекет гана визасыз келишими бар болчу.

Казакстандын өкмөтү Астанада өтө турган ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн жана Алматыда өтө турган кышкы универсиаданын алдында ушундай жол менен көбүрөөк турист жана инвестор тартып келүүгө үмүттөнүүдө.

«Визалык режимди либералдаштыруу боюнча иштер өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыгын жана өз аралык принцибин эске алуу менен жүргүзүлүп жатат», — деп билдирди премьер-министр Бакытжан Сагинтаев.

Эми Казакстанга дагы 64 өлкөнүн жарандары визасыз келе алышат.

Алардын арасында Евробиримдиктин, Түндүк жана Түштүк Американын, Австралиянын, КМШ өлкөлөрүнүн, БАЭнин, Малайзиянын, Сингапурдун жана Монаконун жарандары бар.

«1-январдан тартып 45 мамлекеттин жарандары […] Казакстанга 30 күнгө визасыз киргенге укук алышат», — деди Сагинтаев.

Дагы 19 өлкө үчүн эки тараптуу макулдашуулар ишке кирип, алар чет элдиктерди виза талабынан бошотот.

Декабрдын ортосунда чет элдиктерге коюла турган талаптар Кыргызстанда да жеңилдетилди, бирок ал виза маселелерине эмес, өлкөгө келгенден кийинки каттоо эрежелерине тиешелүү болду. Кыргызстанга келген Евробиримдиктин, АКШнын, Австралиянын жана Канаданын жарандары эми өлкөдө эки айга чейин каттоосуз жүрө алышат.