Президент Алмазбек Атамбаев батирлерди суткалап же саатына ижарага берүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду. Батирин ижарага берүү кирешесинин бирден бир булагы болгон кыргызстандыктар бул тууралуу эмне деп ойлошот?

Батирин суткалап ижарага берүүгө салынган тыюуну бузса, турак ээлери 70 миң сомго чейин штраф тартышы мүмкүн. Штрафты милиция салат. Тыюуга карабастан батирин ижарага берүү административдик укук бузуу катары каралат.

Батирин ижарага берүү негизги киреше булагы болгон кыргызстандыктар жаңы мыйзам тууралуу Kloop.kgге комментарий беришти. Каармандардын аттары өзгөртүлдү.

«Бизден эч ким сураган деле жок»

Наталья бул мыйзам бирден бир киреше булагы ижара болгон адамдарды ойлобостон кабыл алынган деп эсептейт.

«Ишке орноштурган эч ким жок да, ошондуктан атаандаштык көп, өтө көп кишилер ушинтип иштейт. Бизге мунун ордуна башка бир нерсе бере алышабы? Биз үй-бүлөбүздү ушинтип багабыз, негизинен мындай иште иштегендер — балдары бар жалгыз бой аялдар. Балким алар мындай иш менен алектенгиси деле келбеген чыгаар, бирок бир нерсе кылып жашаш керек да. Албетте, мунун баары өтө жаман, бизден эч ким сураган да жок, кабыл алып коюшту, бүттү», — деди ал.

Азамат бир нече жылдан бери батирин суткалап ижарага берет жана жаңы мыйзам тууралуу эч нерсе билген эмес.

«Кабыл алынып калса анда абдан жаман. Бул тармакта иштегендер үчүн бул бирден-бир киреше булагы, бизде оңой менен мыйзамдуу иш табылбайт да. Бул ишкерликке абдан терс таасир тийгизет. Же бул кайсы жерде болгонуна жараша болобу? Мисалы, мен дайыма меймандардын паспортун карайм, алардын жашы 18ден жогору болушуна көз салам», — дейт ал.

Пенсиядагы Дилянын бир нече батири бар, ал ошолорду суткалап ижарага берип турат. Коммуналдык төлөмдөрдү эсепке алганда ал бир батирден айына беш миң сомдой акча тапкан.

«Эми эмне кылып акча табабыз? Штраф төлөгүм келбейт, андыктан батиримди суткалап ижарага бербей калат окшойм. Акча табуунун башка жолдорун издейбиз да. Мен буга каршымын, бизде Бишкектин жарымы ушуну менен алек да. Бул элдин таап аткан нанын тартып алган менен барабар. Мисалы, мен төрт батирди ижарага бергениме карабастан кошуналарым бир да жолу ачууланган эмес. Жакшы эле адамдар жалдайт, иш сапары менен келгендери бар, кайсы бир окуяга келгендери болот, акыры аягы үй шартында болгусу келген туристтер бар», — деди ал.

Айгерим эл батирлерин тыюуга карабай эле ижарага бере берет деп эсептейт.

«Эл батирлерин ижарага бере берсе керек. Кабыл алса кабыл алгандыр, андай текшерүү дайыма эле жүрүп жатыптырбы. Бизде көп нерсе кагаз жүзүндө эле болот. Бирок чындап штраф сала башташса батирлерди ижарага берүү токтотулат», — дейт ал.

Викторго мыйзам жагат, анткени ал мындай иштен эчак чыгып кеткен.

«Мен көптөн бери ижарага батир бербейм, эчак эле ошентсем болмок. Бул ишкерликтин көзөмөлү жок түрү, аны көзөмөлгө алыш керек. Бул бир азап экенин түшүңдүм. Батирди түнү бою булгашат, ар кандай иштерди кылышат, кошуналар да арызданат», — деп даттанды ал.

Нургүл ындынын өчүрбөй, эми батирин суткалап ижарага берген атат.

«Алар суткалап берүүгө тыюу салдыбы, биз башка планга өткөндөн башка аргабыз жок. Мисалы, бир айга же жарым жылга тапшырса болот. Алар тыюуну көмүскө жайлар менен күрөш катары негиздешти, бирок биз көмүскө жайлар менен алек болгон эмеспиз. Көп учурда Алматыдан кишилер келчү, ал жакта медицина кымбат, бизде дарыланышчу, Орусиядан иш сапарына келгендер түнөп кеткенге батир жалдашчу. Бул түзүк иш болчу. Айына ар кандай киреше чыкчу — айрымдарыныкы 14 миң, кээ бирөөндө 10 эле миң. Майы жок нанга жетээр эле», — деди Нургүл.

Батирлерди суткалап ижарага берүүгө эмне үчүн тыюу салынды?

Батирлердин ээлерине батирин ижарага берүүгө тыюу салган «Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев 31-декабрда кол койду.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевдин айтымында, турак-жайды ижарага берүү тармагын жөнгө салуу маселеси эчак эле бышып жетилген.

«Мындай жерлер көмүскө жайларга айланат, ал жерде кээде киши өлтүрүү да болот. Бул маселени тез арада чечиш керек, анткени ыйманга каршы көрүнүштөр да күчөп кетти», — деди ал.

Мыйзам 2016-жылдын 16-ноябрында Бишкектеги үйлөрдүн тургундары улам-улам арыздангандыктан кабыл алынган. Мыйзамды бузганы үчүн жарандарга 7 миң сом, кызмат адамдарына 9 миң сом, юридикалык тараптарга 70 миң сом штраф салынат.

Тыюу көп кабаттуу үйлөрдөгү батир ээлерине гана тиешелүү болот. Уруксаты бар мейманканалар мурдагыдай эле иштей берет. Аларга штраф салынбайт.

Сүрөт: Алмир Алмамбетов