Түркиянын бийлиги Стамбулдагы терактты жасаган адамдын тек-жайын аныктады

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу түрк телеканалынын эфиринде кабарлагандай, полиция «Рейна» клубуна кол салган адамды аныктаган, бирок анын тек-жайы азырынча ачыкка чыгарылбайт.

Чавушоглу билдиргендей, 39 адамдын өлүмүнө алып келген терактты жасаган адамдын тек-жайы азырынча тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыкка чыгарылбайт.

Түрк полициясы төрт күндөн бери Стамбулдагы «Рейна» түнкү клубунда терактты жасаган адамды издеп жүрөт.

«Ассошиэйтед Пресс» маалымат агенттиги кабарлагандай, ыктымал террористти кармоо боюнча соңку атайын операция ийгиликсиз аяктаган.

Буга чейин ЖМК терактты 28 жаштагы Кыргызстандын жараны Яхъе Машрапов жасаган деген маалымат жарыялашкан болчу. Бирок кийинчерээк кыргызстандык Машрапов терактка тиешеси жок экенин бышыктаган. Түркиянын ЖМКсы жалган маалымат таратканы үчүн сынга кабылып, өз айыптоолорун жокко чыгарган билдирүү жарыялоого мажбур болушкан.

Кол салган адамга окшош болгону үчүн Машраповду түрк полициясы чындыгында текшерүүгө алышып, бирок кийин коё беришкен. Машрапов теракт болгон учурда Түркияда эмес болгон. Андан тышкары полиция ага издөө жарыялап, терактты жасоо боюнча айыптаган эмес.

«Рейна» түнкү клубуна жаңы жылга караган түнү чабуул коюлган. Белгисиз адам кире бериште турган полиция кызматкерлерин жана күзөтчүлөрдү атып салып, андан кийин имараттын ичине кирип барып, кардарларга ок атып кирген.

Террор маалында клубда жүздөгөн киши жүргөн. Жалпысынан кол салуунун айынан 39 киши каза тапкан. Кол салган адам полиция келгиче кылмыш болгон жерге куралын калтырып изин жашырып кеткен.

Террордук аракет үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму өзүнө алган. ИГИЛ — бир нече өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп таанылган уюм.

«Ислам мамлекети» Иракта жана Сирияда «халифат куруу» боюнча иш жүргүзөт. Уюм өз душмандарына жана туткундарга карата таш боордугу менен белгилүү, ал элдин көзүнчө өлүм жазасына тартып, жапырт киши өлтүрөт.