Казакстан өз аймагы аркылуу Кыргызстандан барган этти ташууну чектеди

Казакстан өкмөтү 15 кыргыз компаниясына өз аймагы аркылуу эт жана сүт ташууга тыюу салды. Кыргызстандын санэпидстанциясынын пикиринде, бул тыюу өлкөлөрдүн ортосундагы макулдашууларды бузуп, ишкерлер үчүн кыйынчылык жаратат.

Кыргызстандын Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын өкүлүнүн айтымында, Казакстан өз тыюусун эч нерсе менен негиздеген жок.

«Алар эч кандай жүйө келтирген жок. Алар болгону шарт койду — Орусия Федерациясына [өндүрүмдөр] бир гана станциядан жана темир жол аркылуу гана барышы керек», — деди мекеменин аты-жөнүн айткысы келбеген эксперти.

Ал Кыргызстан үчүн Казакстан аркылуу транзит «экономикалык жактан эң пайдалуу экенин», анткени өндүрүм андан ары Орусияга кетээрин түшүндүрдү.

«Автотранспорт менен жүк жеткирүү алда канча арзан түшөт жана убактысы жагынан да ыңгайлуу. Мисалы, Таластагы ишканалар Казакстан аркылуу [Талас-Тараз чек арасы аркылуу] жүгүн өткөрүп алышмак, эми болсо «Луговой» станциясы аркылуу өткөнгө аргасыз», — дейт эксперт.

Анын айтымында, бул тыюу Кыргызстан кирген Дүйнөлүк соода уюмунун жана Евразия экономикалык биримдигинин макулдашууларын бузуп, ишкерлер үчүн кошумча кыйынчылык алып келет.

Азыр өкмөт Казакстан менен бул тыюуну алып салуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Тыюу «Бишкек Сүт» ААК, «Үмүт жана Ко» ЖЧК, «Ак-Жалга» ЖЧК, «Артезиан» ЖЧК, «Шин-Лайн» ЖЧК сыяктуу жана башка ири компанияларга тиешелүү.

«Бизде деңгээл жок»

Экономист Айылчы Сарыбаев Кыргызстан мындай тыюуларга кабылганына өзү күнөөлүү, анткени өз өндүрүмүн эл аралык стандартка ылайык сертификациялабайт деп эсептейт.

«Биз өз товарыбызды чет өлкөдө тиешелүү түрдө тууралаштырганды, эл аралык деңгээлдеги сертификаттарды алганды билбейбиз, андыктан ветеринариялык лабораторияларды ачып, санитардык долбоорлорду ишке киргизип, андан кийин ЕАЭБдин талабы менен сатышыбыз керек», — дейт ал.

Анын пикиринде, Кыргызстан Казакстанга «таарынып отурбай» өз өндүрүмүн сертификациядан өткөрүшү керек.

«Биз өз өндүрүмүбүзгө андай мүмкүнчүлүк түзө элекпиз дагы, башка өлкөлөргө таарынабыз», — деди ал.

Ал өлкө ички базарын өз өндүрүмүнө толтуруп, андан кийин гана башка өлкөлөргө экспорттошу зарыл экенин кошумчалады.

«Бизде ички базарды өз өңдүрүмүбүз менен толтурганга мүмкүнчүлүк жок, биздин базарлар импорт өндүрүмгө толуп калган. Биз адегенде өз базарыбызды өз өндүрүмүбүзгө толтуруп, андан кийин башкаларына чыгышыбыз керек», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.