Сириядагы террордук чабуул: Курман болгондордун саны ондоп саналат

Сириянын түндүгүндө Аваз шаарында соттун имаратынын алдында мина коюлган бензин ташыгыч автоунаа жарылып кетти. Курман болгондордун саны 20 кишиден 60 кишиге чейин жетип, ондогон адамдар жарадар болду.

Түркия менен чек арадан 10 чакырымдай аралыкта жайгашкан Азаз шаарында 7-январда мина коюлган бензин ташыгыч автоунаа жарылып кетти. Жарылуу соттун имаратынын алдында болду.

Өлгөндөрдүн так саны эмгиче белгисиз, ар кайсы булактарда 20дан 60 кишиге чейинки көрсөткүчтөр айтылып жатат, жарадарлар да ондоп саналат. Жабыркагандардын көбү - жергиликтүү тургундар.

Курман болгондордун ичинен 14 киши оппозициялык аскерлер жана соттун кызматкерлери болушкан.

Жарылуудан соттун, шаардык администрациянын жана почтанын имараттары талкаланды.

Азырынча Сириядагы террордук топтордун бири да жарылуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Сириянын Азаз шаары Түркия менен чек арадан анча алыс эмес жерде Алеппо провинциясында жайгашкан. Азыркы тапта шаарды учурдагы президент Башар Асад баш болгон бийликти кулатыш үчүн күрөшүп жаткан оппозициянын аскерлери көзөмөлдөп турат.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдын мартынан бери жүрүп жатат. БУУнун Коопсуздук кеңеши 2016-жылдын 31-декабрында Сирияда ок атышууну токтотуу жөнүндө резолюцияны бир добуштан кабыл алган. Резолюцияга ылайык чатак өкмөт менен козголоңчулардын ортосундагы сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынмакчы.

Сүрөт: Reuters

ТЕМА БОЮНЧА: