Ар бир жаңы төрөлгөн бала үчүн 50 миң сом төлөп берүү боюнча сунуш түштү

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков ар бир жаңы төрөлгөн бала үчүн 50 миң сом төлөп берүүнү сунуш кылууда. Ал тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча демилге көтөрдү.

Парламент депутаты өз мыйзам долбоорун көптөгөн энелер жаңы төрөлгөн балдарынан каражаттын айынан баш тартып жатышканы менен түшүндүрдү.

«[…] төрөлгөн миң баладан 20сы бир жашка жетпей чарчап калып жатат. Ошондой эле энелердин каражаты жоктугунан балдарынан баш тарткан учурлар көбөйдү», — деп айтылат мыйзам долбооруна негиздемеде.

Ал айрым кыргызстандык аялдар 450 миң рубль (500 миң сом) «энелик капитал» алыш үчүн Орусияга төрөгөнү барып жатышканын да белгиледи.

«Кыргызстандын жарандары болгон айрым аялдар "энелик капитал" алыш үчүн Орусияга төрөгөнү барып атышат. Орусиянын аймагында төрөлгөн балдар ошол өлкөнүн жарандары болуп калышат. Эгерде биз азыр энелерди жана жаңы төрөлгөн балдарды колдоону ойлобосок, Кыргызстандын келечеги мага кейиштүү көрүнүп атат», — деп эсептейт Жумабеков.

Мыйзам долбооруна ылайык энелер бала төрөлгөндөн тартып ай сайын бала бир жашка чыккыча жөлөкпул ала алышат.

Эгерде үй-бүлө бала төрөлгөндө жөлөк пулдан пайдаланбай калган болсо, ал 16га чыкканда ага бул каражат бир жолу төлөнөт.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, 2018-жылдан тартып жөлөк пул 30 миң сомду түзөт. Түзөтүүлөр кийинки эки жылда жөлөк пулду 50 миң сомго жеткирүүнү көздөйт.

Мыйзам долбоору коомдук талкууда турат.

ТЕМА БОЮНЧА: