ЕАЭБ макулдашуусу: Кыргызстандан барган эмгек мигранттары Орусиядан пенсия ала алышат

Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров эмгек мигранттарынын пенсиясы тууралуу макулдашууга кол коюу «марага жеткени калганын» айтты. Ал боюнча мигранттар өздөрү иштеген өлкөдө пенсия ала алышат.

Бул тууралуу Абжапаров парламенттин бюджет жана каржы боюнча комитетинин отурумунда «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. «Кыргызстандыктардын көпчүлүгү иш жүзүндө өмүр бою Орусияда же Казакстанда иштейт, анан убактысы келгенде пенсиясы жок калып жатат. Бул маселени чечиш үчүн Социалдык фонд эмне кылып жатат?», — деп сурады ал.

Андан кийин Соцфонддун башчысы мигранттардын пенсиясы алар иштеген өлкөдө төлөнгүдөй макулдашууга кол коюу «марага жеткени калганын» айтты.

«[…] Көп жыл бою Орусияда иштеген кыргызстандыктар ошол жактан пенсия алышат жана тескерисинче, бул жакта Кыргызстанда иштеген орусиялыктар бул жактан пенсия алышат», — деп түшүндүрдү Абжапаров.

Азыр Кыргызстандан барган мигранттар өз өлкөсүндө гана пенсияга чыга алышат. Бирок алар камсыздандыруу кошумчасын өздөрү иштеген өлкөгө төлөгөндүктөн, ал акча Кыргызстандын Социалдык фондуна которулбайт. Андыктан алар эмгек стажына ылайык эсептелген пенсия ала албай калып жатышат.

Макулдашуу ЕАЭБдин мүчөсү болгон бардык өлкөлөр үчүн иштейт.

1-январдан тартып Кыргызстандан барган мигранттар Орусиядагы милдеттүү медициналык камсыздандырууга да жеткилик алышат.

Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армения кирет.