Өзүн КТРКнин журналисти катары тааныштырган калпычы жаңы жылдык көрсөтүүгө алып чыгууга убада берип, ар кимден акча чогулткан

Ошто бир эркек киши өзүн бирде журналист, бирде мамлекеттик кызматкер катары тааныштырып, жарандардан алдап акча чогулткан. Аларды ал КТРК же ЭлТР каналындагы жаңы жылдык көрсөтүүгө алып чыгууга убада берген. Көрсөтүүгө катышуу үчүн эл 1500 сомдон 5000 сомго чейин акча төлөшкөн.

Ош облустук ИИБин басма сөз кызматынын башчысы Жеңишбек Ашырбаев кармалган кишинин үстүнөн мектептерден жана айыл өкмөттөрдөн дагы эле арыз түшүп жатканын Kloop.kgге айтып берди.

«Ал жаңы жылдык көрсөтүү уюштурууга жана "Жыл мыктысы" катары директорлорго жана айыл өкмөт башчыларына сыйлык берүүгө убада берген», — деди ал.

Ашырбаевдин айтымында, бул адам бирде КТРК телеканалында, бирде ЭлТРде кызматкермин деп, ал эми кээ бир жерде Мамлекеттик кадр кызматында иштээрин айткан.

Ош облусунун ИИБнин өкүлү бул шектүүнүн журналистика чөйрөсүндө байланышы бар экенин кошумчалады. Аширбаев «Ал бул тармактын бүт чоо-жайын билет, анын жакын достору журналист болуп иштешет» деди.

Аны 5-январда кармашты. Ага каршы «Алдамчылык» беренеси боюнча иш козголду. Алданып калган жарандардан милицияга жалпысынан 16 арыз түштү.