Милиция кыргызстандык аял «сутенерлугу үчүн» токмок жегени тартылган видеону текшерүүдө

Кыргызстандын ИИМи кыздар кыргызча сүйлөгөн аялды байлап алып сабап жаткан видеону текшерүүдө. Алар аны кыргыз кыздарына «сутенерлук кылып» жана «сатып жатат» деп күнөөлөшкөн.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз борборунун кызматкери Адыл Оморов токмоктоо кайсы жерде болуп жатканын жана видеодогу кишилер ким экенин азыр укук коргоо органдары аныктап жатышканын айтты.

«Бул так кайсы жерде болгону аныкталууда. Азырынча белгисиз, ар кайсы жерде деп жазылып жүрөт. Аныкталаары менен тиешелүү иштерди жүргүзө баштайбыз», — деди ал Kloop.kgнин кабарчыларына.

Видеонун өзү 10-январда дароо бир нече маалымат порталдарында жарык көргөн.

Анда зым менен байланган аял тартылган, бетинде таяк жегени көрүнүп турат. Кадр артында аны «сутенерлук кылды» деп айыптаган аялдардын үндөрү угулуп турат.

Кадр артындагы кыздар аялдын тилин кесип салаарын айтып коркутуп, аны менен сөгүшүп сүйлөшүүдө.

«Мына бул кыргыз сутенерша, 1993-жылы туулган. Канчадан бери ушул жерде жүрөсүң? Мына түрктөргө ишенет экен. Кыргыз кыздарын алып келип түрктөргө салып берет», — дешет кадр артындагы үндөр.

Таяк жеген аял өзүн «Эля» деп атайт, ал эми кадр артындагы аялдардын үндөрү анын жашы 22де экенин, акыркы төрт жылдан бери Түркияда жашаарын айтышат.

Кыргызстандык кыздарды сабаган «патриоттор»

Бул кыргызстандыктар өздөрү сот жүргүзгөн биринчи тасма эмес. Акыркы жылдарда мындай роликтерди өздөрүн «патриот» деп атаган эркектер баарынан көп чыгарган.

Мындай видеолордо кыргызстандыктар мекендеш кыздарын башка улуттагы эркектер менен жүрөт деп шек санап, аларды басмырлашкан.

«Патриот» аталгандар 2015-жылы июлда жылаңач кызды суракка алып, аны «өзбектер менен жүрөсүң» деп күнөөлөшкөн.

2015-жылдын февралында чыккан дагы бир видеодо белгисиз жигиттер эки кызды суракка алып, алардан эмне үчүн «кыргыздар менен эмес, азерилер менен жүрөсүңөр» деп сураган.

Ушундай видео 2014-жылдын декабрында пайда болгон. Борбор Азиядан барган мигранттар болжол менен Кыргызстан менен Тажикстандан барган кыздарды «улутту уят кылганы үчүн» сабап жатканы тартылган.

Биринчи чуулгандуу видео ЖМКда 2012-жылдын февралында чыккан, анда топтошкон мигранттар кыргызстандык кызды тажик улутундагы жигит менен жүргөнү үчүн айыпташкан.