ТИМ: Кытайдын Бишкектеги элчилигине чабуул уюштургандар Стамбулда жашынып жүрүшөт

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов бул тууралуу Кытайдын Түркиядагы элчиси менен жолугушуу учурунда билдирди. Бишкектеги Кытай элчилигине коюлган террордук чабуулдан үч киши жабыркаган.

Кыргызстандын ТИМи Түркиядагы Кыргызстандын жана Кытайдын элчилери Бишкектеги Кытай элчилине террордук чабуул уюштуруу боюнча шек туудурган адамдарды кармоо боюнча түрк полициясынын аракеттерин талкуулашканын билдирди.

Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, террордук чабуулдун уюштуруучулар Стамбулда жашынып жүрүшкөн болушу мүмкүн.

«[…] КЭРдин Бишкектеги элчилигине террордук чабуул боюнча шектүүлөр […] колдо болгон маалыматка ылайык Стамбулда изин жашырып жүрүшөт», — деп билдирет мекеме.

Бишкектеги Кытай элчилигинин аймагында 2016-жылдын 30-августунда жарылуу болгон.

Анда жанкечти-террорчу элчиликтин дарбазасын сүздүрүп кирип барып, өзүн анын ичинде жардырып жиберген. Жанкечтинин өзүнөн башка эч ким курман болгон эмес, бирок элчиликтин үч кызматкери жабыркаган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул окуяны «экстремизм жана зомбулук аракети» деп атаган.

«Биз бул кол салууну кескин айыптайбыз. Биз кыргыз тараптан окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат сурайбыз жана бизди мүмкүн болушунча тезирээк кулак кагыш кылууну өтүнөбүз», — деген эле Кытай ТИМинин расмий өкүлү Хуа Чуньин.

ТЕМА БОЮНЧА: