«Дөө» аттуу кылмыш авторитети 18 жылга түрмөгө кесилди

Кылмыш дүйнөсүндө «Дөө» деген ат менен белгилүү болгон Чыңгыз Жумагулов «киши өлтүрүү аракети» үчүн 18 жылга түрмөгө кесилди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жумагуловду 18 жылга эркинен ажыратты.

Ал «Киши өлтүрүү аракетин уюштуруу», «Бийлик өкүлүнө каршы күч колдонуу» жана «Ээн баштык» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

1465548069_1Жумагуловдун адвокаттары өкүмгө каршы Бишкек шаардык сотуна арыз беришет.

2016-жылдын апрелинин башында Жумагулов Бишкектеги Чүй проспекти менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишиндеги атышууга тиешеси бар деген шек менен кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Жумагулов жана анын шериктери күмүш түстүү «Субаруга» бир нече жолу ок атып, кылмыш болгон жерден качып кетишкен.

Былтыр июнда Жумагулов изин жашырып кетип, Биринчи май райондук соту аны камакка алууга сыртынан токтом чыгарып, издөө жарыялаган. Бир жумадан кийин, ошол эле жылдын 10-июнунда ал колго түшүрүлгөн.

Жумагуловду «Камчы Көлбаевдин УКТсынын жигердүү мүчөсү» деп айтып жүрүшкөн. Ал ошондой эле президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүү боюнча шектүүлөрдүн бири болгон.

Жумагулов өзү Көлбаев менен жана жалпы эле кылмыш дүйнөсү менен байланышын танып келген.