ФИФА дүйнө чемпионатына катыша турган курама командаларды көбөйттү

Эл аралык футбол федерациясы башкы футболдук биринчиликке катышуучу өлкөлөр көбөйгөнүн расмий түрдө жарыялады. Эми дүйнө чемпионатына 32 курама команданын ордуна 48и катыша алат.

Мундиалды 48 курама командага чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн узак убакыт бою футбол эксперттери жана аткаминерлери талкуулап келишкен. ФИФАнын кеңешинин мурдагы отурумунда дүйнө чемпионатына катышуучу өлкөлөрдү көбөйтүү тууралуу чечимди кеңештин бардык мүчөлөрү бир добуштан кабыл алышкан.

2026-жылдын дүйнө чемпионатында биринчи ирет 48 курама команда катышат. Мундиалды жаңы форматта ким кабыл алаары азырынча белгисиз. 2026-жылдагы дүйнө чемпионатын өткөрүүгө азыр Индия, Кытай, Боливия, Эквадор, Перу жана Парагвай ат салышууда.

Квоталар мындайча бөлүнөт: Европа — 16, Азия — 8.5, Африка — 9.5, Түштүк жана Түндүк Америка — 6.5тен, Океания — бир квота.

Жаңы форматка ылайык, курама командалар ар биринде үч команда болгон 16 топко бөлүнөт. Плей-оффко ар бир топтон экиден команда өтөт. Ошентип, матчтар 64төн 80ге чейин көбөйөт.

Мурда мындай кеңейтүүнү ФИФАнын президенти Жанни Инфантино, ошондой эле көптөгөн улуттук федерациялар, машыктыруучулар жана футбол эксперттери колдоп чыгышкан. Катышуучу өлкөлөрдүн санын арбытуу Эл аралык футбол федерациясына кошумча киреше алып келет деген божомол бар.