Казакстанда 7-январдан тартып ички мигранттар барган жеринде бир айдан ашуун турса ошол жерде каттоого турушу керек. Эреже бузгандарга адегенде эскертүүчү кат жиберилип, ал жорук кайталанса 30 миң теңгеге жакын (90 доллар) штраф салынат.
Ички миграция тууралуу Казакстандын мыйзамына киргизилген жаңы түзөтүүлөр 7-январда күчүнө кирди. Ага ылайык өлкө ичиндеги мигранттар барган жеринде бир айдан ашуун убакыт турса катталууга милдеттендирилет.
Жаңы эрежелерди бузгандарга полиция адегенде эскертүү берип, андан кийин 30 миң теңге (90 доллар) өлчөмүндө штраф салат.
Мыйзамдын ченемдери кыска мөөнөткө келген убактылуу меймандарга жана туугандарга тиешеси болбойт. Бирок эгерде меймандар 30 күндөн ашуун убакытка кармала баштаса алар каттоодон өтүүгө милдеттүү. Антпесе үй ээлери да, коноктор да штраф төлөшөт.
Бул түзөтүүлөргө ылайык, ижара берүүчүлөр да убактылуу каттоодо турбаган кишилерге батирин ижарага бергени үчүн 22 миң теңгедей (орточо 67 доллар) штраф тартышат.
Казакстандын ИИМинин миграция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Галина Сарсенова полиция ички мигранттарга 1-февралга чейин штраф салбайт жана аларга каттоого туруш үчүн убакыт берет деп убада берди.
Сарсенованын айтымында, түзөтүүлөр террорчулукка каршы күрөш үчүн киргизилүүдө.
«Жашаган жеринде каттоого туруу талабы дүйнөлүк практика болуп эсептелет. Казакстанда да калкты жашаган жеринде жана убактылуу турган жеринде эсепке алуу мыйзамдар тарабынан каралып келген», — деди ал.
Коомдук түйүндөрдөгү сын пикирлер
Казакстандыктар коомдук түйүндөрдө жаңы өзгөртүүлөргө каршы нааразылыгын айтып чыгышты. Алардын пикиринде, казакстандыктар көп учурда башка шаарларда туугандарыныкында жашагандыктан бул өлкө ичинде жүрүүдө кыйынчылык жаратат.
Саясат таануучу Талгат Калиев «Фэйсбуктагы» өз баракчасында мыйзам долбоору жакшылап ойлонулбаганын жазды.
«Күлкү келерлик. Казакстан дүйнөнүн дээрлик 50 өлкөсүнүн жарандары үчүн визаны жокко чыгарды, бирок өз жарандарына убактылуу каттоодо турбаганы үчүн штраф салганы жатат. Эмне үчүн бизде жакшы нерсенин баары эле меймандарга арналат? Өз кишилерибизге деле арзуубуз ашып-ташпаса дагы, аз да болсо сый мамиле кылганга убакыт жетсе керек?» — деп жазды ал.
Шаардык адвокаттар коллегиясынын адвокаты Жохар Утебеков мыйзамды «кулчулукка кайрылуу» деп сүрөттөдү.
«Кайсы тузүк өлкөдө (ага Түндүк Кореяны кошуп кереги жок го) ал [Сарсенова] өз жарандарына каршы мындай чектөөлөрдү көрүптүр? А бирок миграциялык полициянын жетекчиси 13 миң казакстандык жаран бир жыл ичинде катттоосу болбогону үчүн штраф тартканына мактанды. Алардын арасында канча террорчу табылганы тууралуу унчукпаптыр. Бирөө да жок деп ишенем», — деп жазды ал.
Саясатчы Адил Каукенов «Фэйсбукта» бул мыйзамга «таптакыр келесоолук, абсурд жана адамдарды кемсинтет» деп баа берди.
Биринчи рейд
«Informburo.kz» басылмасы барган жеринде каттоого турбаган Казакстандын жарандарыны полиция штраф сала баштаганын кабарлады.
Алматынын Ауэзов районунун тургуну 7-январда түш ченде алардын батирине полиция кызматкерлери келип, күйөөсү бул даректе катталбаганы үчүн административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп кетишкени тууралуу арызданды.
«Бул апамдын батири. Жолдошум Алматыда катталган, бирок башка дарек боюнча. Полиция келээрдин алдында бир саат мурда ЖМКдан вице-министр Ерлан Тургумбаевдин коноктор менен туугандарга убактылуу каттоо керек эмес деген комментарийин окудук. Бул боюнча биз текшерип келгендерге кабарласак, лейтенант Есимханов вице-премьер мыйзамды каалагандай чечмелей албайт деп штраф жазып салды», — деген ал.
Бирок ЖМКда материал чыккандан кийин полиция кызматкерлери кечирим сурашкан.
Каттоого туруш үчүн кезек күткөндөр
Астананын ички иштер департаментинин жетекчисинин орун басары Батырлан Есенбай кабарлагандай, 7-8-январда Калкты тейлөө борборлорунда жарандарды кабыл алуу боюнча биринчи баскыч өткөн.
«Дем алыш күндөрү Астана боюнча жалпы 6,5 миңден ашуун жаран каттоодон өттү, алардын ичинен 2400 жарат убактылуу каттоого турду», — деген ал.
Казакстан боюнча орто эсеп менен 16 миң адам Калкты тейлөө борборлорунда убактылуу каттоодон өткөн.
Мыйзамга каршы кайрылуу
Нааразы болгон казакстандыктар убактылуу каттоо боюнча мыйзамдын жаңы талаптарын жокко чыгарууга Avaaz.org сайтында чакырышууда. Төрт күндөн кийин кайрылуу жарыяланган сайттагы барак тосмолонгон.
Казакстан парламентине багытталган талапка алты күндүн ичинде 10 миң адамдан жети миңи кол койгон.
Кайрлуунун авторлору белгилегендей, убактылуу жашаган жерде катталуу боюнча мыйзам жарандардын жер которуу эркиндигин чектейт. Алардын ою боюнча, түзөтүүлөр Казакстан ратификациялаган Жарандык жана эл аралык пактка каршы келет.
«Бул эреже террорчулар менен башка кылмышкерлерге эч кандай таасир этпейт. Террорчу катталып же штраф төлөп олтурбайт. Бул жаңы эреже болочок кылмышкерлерди аныктоого жана аларды нейтралдаштырууга эч кандай жардам бербейт», — делет кайрылуунун авторлору жазган билдирүүдө.
Кезек күткөндөрдүн сүрөттөрү Nur.kz маалымат порталынан алынды