Кыргызстандын Жогорку соту мамлекетти Ташкенбай Мойдуновдун туугандарына компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди. Ал 2004-жылдын октябрында Базар-Коргон милициясынын убактылуу кармоо изоляторунда курман болгон.

Юрист Нурбек Токтакунов бул тууралуу Kloop.kgнин кабарчыларына билдирди. Анын айтымында, өкмөт курман болгон адамдын туугандарына компенсация төлөп берүүгө тийиш.

2011-жылы эле БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанды жарым жыл ичинде маркумдун үй-бүлөсүнө 100 миң евро төлөп берүүгө милдеттедирген, бирок анда мамлекет эч кандай каражат төлөп берген эмес.

Азыр, курман болгон адамдын туугандарынын адвокаттары талаптарын азайткан соң, алар 200 миң сом алууга тийиш.

«Бул жерде прецедент маанилүү, анткени милициянын имаратындагы адамдын өлүмү үчүн мамлекет жооп берет. Бул маселе Жогорку сот тарабынан чечилген соң, андан ары мындай иштерди караган төмөнкү инстанциядагы соттор ушул прецедентке таянып иш жүргүзүшөт», — деп эсептейт Токтакунов.

Анын пикиринде, эми мамлекет Мойдуновдун өлүмүнө күнөөсү бар кишилерди табууга кызыкчылыгы болот.

«Бул жерде принцип мындай. Адам камак имаратында каза тапкан болсо, мамлекет бюджеттеги каражатынын эсебинен жооп берет. Эгерде мамлекет бюджеттин чыгашасынын ордун толтургусу келсе, ал иликтөө жүргүзүп, ал сумманы конкреттүү күнөөкөрлөрдөн толөтүп алышы керек», — деп эсептейт Токтакунов.

Мойдуновдун иши менен белгилүү кыргыз укук коргоочусу жана учурда соту жүрүп жаткан Азимжан Аскаров алектенген.

Мойдуновдун кармалышы

Базар-Коргон милициясы Мойдуновду жана анын аялын 2004-жылдын 24-октябрында алар көчөдө чатакташа кеткенде «коомдук тартипти бузгандыгы үчүн» кармашкан.

Анын аялын күйөөсүнө каршы зомбулук көрсөтүп жатат деп арыз жазууга мажбурлашкан. Кийинчерээк аны коё беришип, бирок милицияга кайра чакырышкан. Ал жерде жубайы күйөөсү полдо жатканын көргөн.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, окуя болгон жерди карап чыккан тез жардамдын дарыгери 2004-жылдын 18-ноябрындагы өз көрсөтмөлөрүндө билдиргендей, Мойдуновдун мойнунда аркан жиптин издери болгон эмес, бирок бармактын издери болгон.

Милиция кызматкерлеринин күнөөсүн далилдеген бардык документтер Кыргызстандын түштүгүндө 2010-жылы болгон улут аралык жаңжалда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кеңсесинде күйүп кеткен.

Базар-Коргон РИИБинин кызматкерлеринин бири «шалаакылык» үчүн камалып, маркумдун үй-бүлөсүнө 30 миң сом төлөп берген. Иш боюнча айыпталган дагы бирөөсү өлкөдөн чыгып кеткен.