Дүйнөлүк банктан Аскаров бошотулгуча Кыргызстанды каржылабай турууну өтүнүштү

«Журналисттерди коргоо комитети» өмүр бою эркинен ажыратууга кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаров бошотулгуча Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоону токтотууну өтүнүп Дүйнөлүк банктын директоруна кат жазды. Бийликке аны камактан кое берүүгө кеңеш берген БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечиминен кийин сот анын ишин кайра карап жатат.

«Журналисттерди коргоо комитети» эл аралык уюму Дүйнөлүк банктын директору Жим Ен Кимге кат жазып, анда Кыргызстандын бийлиги менен байланышып, укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотууну өтүнүүнү суранды.

Катта өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыз кылыш үчүн Дүйнөлүк банк Кыргызстан менен, анын ичинде өкмөт менен жакшы мамиледе болуп жатканы айтылат. Уюм экономикалык өсүшкө «мыйзам жана адам укуктары, анын ичинде сөз эркиндиги сакталмайынча жетиш мүмкүн эмес» деп эсептейт.

«Аскаровдун дагы эле түрмөдө отурушу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелеринин бузулушу гана болбостон, укук үстөмдүгүнүн жоктугуна, бийлик адамдын негизги укуктарын сыйлабаганына да айкын далил», — деп айтылат катта.

Комитет Дүйнөлүк банктан «Аскаровду бошотууну Кыргызстан менен экономикалык кызматташтыктын шарты катары коюуну» өтүнөт.

«Акчабар» каржы басылмасынын маалыматы боюнча 1992-жылдан бери Дүйнөлүк банк Кыргызстанга гранттар жана насыялар түрүндө 1,3 миллиард доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөткөн.

Азимжан Аскаров — өзбек улутундагы укук коргоочу, Кыргызстандын түштүгүндө улут аралык чатакка чейин иштеп келген. Аскаров милициядагы кыйноо тууралуу макалаларды да жазып келген.

Укук коргоочу 2010-жылдын 15-июнунда кармалган. Базар-Коргон соту Аскаровго «баш-аламандыкты уюштуруу», «улут аралык чатак чыгаруу» жана «киши өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айыптарды койгон. Сот аны 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм чыгарган, бирок Аскаров өз күнөөсүн мойнуна алган эмес. Аны менен кошо дагы сегиз киши соттолгон.

Кыргызстандын бийлигине укук коргоочуну камактан бошотууга кеңеш берген БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечиминен кийин кыргыз соту Аскаровдун ишин кайра карай баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА: