Эл аралык футбол федерациясынын жаңыртылган рейтингинде Кыргызстандын курама командасы 124-орунду ээледи, бул өткөн айдагыдан эки позицияга төмөн.

Декабрда Кыргызстандын курама командасы рейтингдеги позицияга өн таасир этип, командага упай алып келе турган бир да расмий беттешүү өткөргөн жок.

Азия чөлкөмүнүн курама командаларынын рейтингинде да Кыргызстан позицияларынан ажырап, 15-орундан 16-орунга түштү. АФКнын курама командаларынын башында мурдагыдай эле Иран турат.

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын расмий сайты билдиргендей, 2019-жылдын Азия чемпионатына тандоо матчтарынын үчүнчү, чечүүчү айлампасынын чүчүкулагы 23-январда кармалат.

Жаңыртылган рейтингдеги позициясына ылайык, Кыргызстан тандоо айлампасынын чүчүкулагынын алдында биринчи себетке түшөт. Улуттук курама команданын атаандаштары болуп экичи, үчүнчү жана төртүнчү себеттеги өлкөлөр чыгышы мүмкүн.

Экинчи себетке: Индия, Палестина, Тажикстан, Вьетнам, Гонконг жана Түркмөнстан түштү.
Үчүнчүсүнө: Мальдив, Ливан, Йемен, Ооганстан, Кытай Тайбэйи, Мьянма туура келди.
Төртүнчүсүндө: Малайзия, Сингапур, Лаос, Камбоджа, Непал жана Бутан бар.

Чүчүкулак маалында бир себеттеги командалар бир топко түшө албайт, ошондуктан Кыргызстан Иорданиянын, Омандын, Филиппиндин, Бахрейндин жана Түндүк Кореянын курама командалары менен беттешпей тургандыгы анык.

Түндүк Кореядан тышкары биринчи себеттеги командалардын баары ФИФАнын рейтингинде Кыргызстандын курама командасына караганда жогору позицияда турушаарын белгилей кетүү зарыл.

Биринчи баскычта ийгиликтүү оюн көрсөтсө Кыргызстан өз тарыхында алгачкы жолу Азия чемпионатынын финалына катыша алат.

Кыргыз курама командасынын тарыхындагы эң мыкты натыйжа катары 99-орун эсептелет. Ага курама команда былтыр октябрда ээ болгон.

Дүйнөлүк рейтингдин алдыңкысы болуп мурдагыдай эле Аргентина 1634 упай менен эсептелет. Анын артынан Бразилия (1544) жана Германия (1433) курама командалары турат.

Биринчи ондукту 1166 упай менен Испаниянын курама командасы жабат.

ФИФАнын курама командалар рейтинги — команданын учурдагы салыштырмалуу күчүн аныктаганга жардам бере турган система. Ал ай сайын жаңыртылып турат.

Упай берүү системасы туруктуу эмес жана көп жагдайлардан: атаандаш курама команданын күчүнөн, ФИФАнын учурдагы рейтингинде алган орундан, матчтын маанисинин коэффициентинен жана башкалардан көз каранды.

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы (КРФФ) билдиргендей, 2017-жылга курама команда азырынча эч кандай жолдоштук матчтарды пландаштыра элек.

Сүрөт: КРФФ

ТЕМА БОЮНЧА:


Жолдоштук матчтар эмне үчүн маанилүү?