Камактагылар экстремисттерди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга тыюу салууга каршы ачкачылык жарыялашты

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 колонияда камакта отурган 20га жакын киши ачкачылык жарыялады. Алар террорчулук жана экстремизм үчүн соттолгондорду мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга тыюу салган мыйзамдын ченемдерине каршы чыгышууда.

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 колонияда террорчулук жана экстремизм үчүн соттолуп камакта отурган 20га жакын киши жаңы мыйзамдын ченемдерине каршы ачкачылык жарыялашты — бул мыйзам алардын мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулушуна жол бербейт.

kamaktagylar-zagolovok

2016-жылдын августунда күчүнө кирген жаңы ченемдерге ылайык, террорчулук жана экстремизм үчүн соттолгон кишилерди камактагылардын башка категорияларынан өзүнчө кармоо да талап кылынат. Ачкачылык жарыялаган камактагылар бул мыйзам кабыл алынганга чейин соттолгондуктан, камак шартын өзгөртүүнү да талап кылышууда.

Камактагылар өз талаптарын алар менен 12-январда жолуккан прокурорго беришти.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (МЖАК) басма сөз катчысы Элеонора Шаршеналиева Kloop.kgнин журналистине камактагылар өздөрүн кандай сезип жатышканын айтып берди.

«Алар тамактан баш тартышты, бирок ден соолугу түзүк, текшерилип турушат. […] Азыр алар бул мыйзам кабыл алынганга чейин соттолгондордун иштерин кайра карап чыгууну талап кылышууда. Алар өздөрүн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну талап кылып жатышат. Бул маселе сот аркылуу жекече ыраатта чечилет», — деди ал.

Сүрөт иллюстративдик мүнөздө