«Манас» аба майданына май куюш үчүн конууга жетишпей, Түркиянын жүк ташуучу учагы жакынкы кыштактын үйлөрүнө 16-январь күнү эртең менен кулап түштү. Соңку маалыматтарга караганда, кеминде 33 киши курман болуп, арасында төрт экипаж мүчөсү бар.

Курман болгондордун көпчүлүгү Бишкектен 30 чакырым түндүктө жайгашкан «Манас» аба майданынын учуу-конуу тилкесинин батышындагы дачалык кыштактын тургундары.

Алдын ала маалыматтарга караганда, учкучтар биринчи келгенде учакты кондура албай коюп, экинчи айлампага чыгууну чечишкен, бирок жогорулап баратканда аба майданынын курулуштарынын бирине тийип кетип үйлөргө кулап түшкөн.

Двигатель рухнувшего самолёта. Фото: Тилек Бейшеналы уулу / Kloop.kg
Кулап түшкөн учактын кыймылдаткычы. Сүрөт: Тилек Бейшеналы уулу/Kloop.kg

Кырсык Бишкек убактысы боюнча болжол менен эртең мененки 7:30да болгон.

Орто эсеп менен бир гектар аянтка чачырап кеткен учактын сыныктары ар кандай маалымат боюнча 23төн 30га чейинки үйгө зыян келтирген.

Курман болгон 33 кишинин ичинен онго жакыны жаш балдар. Курман болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү. Курман болгондордун саны кечке чейин дагы такталат. Бишкектин ооруканаларына ар кандай жарадар болгон 11 адам жаткырылды.

Местные жители, а также люди из ближайших сёл собрались на месте крушения самолёта. Фото: Тилек Бейшеналы уулу / Kloop.kg
Жергиликтүү тургундар, ошондое эле жакынкы айылдардын тургундары учак кулап түшкөн жерге чогулушту. Сүрөт: Тилек Бейшеналы уулу/Kloop.kg

Учкучтардын бири «Манас» аба майданынын медициналык пунктуна тирүү жеткирилген, бирок кийинчерээк Бишкектин ооруканаларынын биринде көз жумган.

Учак MyCargo Airlines (ACT Airlines деген ат менен да белгилүү) авиакомпаниясына таандык болчу, бирок аны «Түрк аба жолдору» ижарага алган.

«Манас» аба майданынан жөнөй турган эртең мененки рейстердин баары кийинкиге калтырылды, көпчүлүгүнүн мөөнөтү белгисиз.

Спасатели работают на месте крушения самолета. Фото: Регина Им / Kloop.kg
Куткаруучулар учак кулап түшкөң жерде иштеп жатышат. Сүрөт: Регина Им/Kloop.kg

MyCargo Airlines компаниясы курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, учактын кулап түшкөн себептери жакын арада аныкталаарын билдирди.

Азырынча такталбаган божомол боюнча учак учкучтардын катасынан улам кулап түшкөн. Бул тууралуу Кыргызстандын вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абулгазиев билдирди.

Башка версия боюнча, кырсыкка калың туман жана тегерек-четтин жакшы көрүнбөгөнү себеп болгон.

Хроника:

 

Бакшы сүрөт: Kloop.kg/Тилек Бейшеналиев