«Медиа полиси институту» коомдук уюму «Боинг-747нин» кулашындагы адамдардын өлүмүн коомдук түйүндөрдө «улутту тазалоо жана табигый тандоо» деп атаган Таттыгүл Дөөталиеванын комментарийлерине талдоо жүргүзүп чыкты. Юристтер Дөөталиеванын айткандарында түздөн-түз кастык козутуу ниети жок деген тыянакка келишти.

«Медиа полиси институтунун» юристтери ал кыз өз жазуусунун кесепеттерин билген эмес жана аймак аралык кастык козутууга ниети болгон эмес деп эсептешет.

«Ал кыздын наадандыгынын, жалакайлыгынын эмоциялык көрүнүшүн атайын кастык козгоо ниетинен бөлүп караш керек», — деп эсептешет эксперттер.

Алар бул кыз «стереотиптердин туткунунда» жашап, өз сөзүнүн кесепеттерин аңдабайт деп эсептешет.

«"Фейсбуктагы" колдонуучу кыздын айткандары, албетте, кемсинтүүчү сөздөрдү жана чыр чыгаруучу стереотиптерди камтыйт. Бирок бул кыз ошол стереотиптердин туткунунда жашап, өзүнүн эси жок жана жийиркеничтүү сөздөрүнүн бардык тескери кесепеттерин аңдабайт көрүнөт, бул албетте аны кечирүүгө негиз бербейт жана коом тарабынан сындоого сөзсүз татыктуу», — деп айтылат талдоодо.

Юристтер Дөөталиеваны атайын кызматтар жоопко тартышы мүмкүн болгон «Улуттук, расалык, диний жана аймак аралык кастыкты козгоо» беренеси боюнча кылмыш курамын табышкан жок.

Алар Дөөталиеваны жок кылууга үндөгөн колдонуучулар да жоопко тартылып калышы мүмкүн экенин белгилешет. Бирок алар «тарбия милдетин аткаруучу кызматкер бул ишти улантууга коошпой турган бузуку жорукка барганы үчүн» окутуучуну кызматтан кетирүүнү негиздүү деп эсептешет.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окутуучусу Таттыгүл Дөөталиева «Фейсбукта» 16-январда Дача-Суу кыштагына «Боинг-747нин» кулап түшкөнү боюнча комментарий берген.

«Какшыгым үчүн кечирип койгула, адегенде капа болдум эле, азыр болсо, түштүккө кетип ошол жакта эле жашашсынчы деп калдым. Кырсык болсо эле түштүктө болот. Жер титирөөсү дагы, башкасы дагы. Эми учак үйлөрдү сүзүп түштү, бул жерде да оштуктар соккуга кабылды. Москвада кыздар күйүп кетти, алардын дагы дээрлик баары түштүктөн. Өзүнчө эле табигый тандоо, улутту тазалоо жүрүп жаткандай», — деп жазган эле ал.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Дөөталиевага расмий эскертүү берди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, анын «Фэйсбуктагы» жазгандарын текшере келгенде аймак аралык жана улут аралык кастыкты козгоонун элементтери табылган. Дөөталиева өз комментарийи үчүн Медакадемиядан кызматтан кетирилген.

ТЕМА БОЮНЧА: