«Тумар» майып арабачан бийчилер тобуна АКШда 27-январда баштала турган «America's Got Talent» («Америкада өнөрлүүлөр бар») сынагына катышууга чакыруу келген. Бирок бийчилерге жол чыгымын жапканга каражат жетпей жатат.

Майып арабачан бийчилер тобунун жетекчиси Эрмек Кадыров Kloop.kgге билдиргендей, АКШга үч билет алганга акча керек болууда.

«Виза жасатканга акчабыз көп кетти, 1 миң 25 доллар, бүгүн аларды баарыбыз алдык. Сынаккка беш адам жөнөп жатабыз, эки адамдын билетине акча таптык. Эми дагы үч адамга каражат керек», — деди ал.

Кадыровдун айтымында, сынак 2017-жылдын 27-январында башталат. Бирок 24-январда учуп кетиш керек болгондуктан, азыртадан эле барып келгенге акча чогулта башташкан.

«Учуп барганыбыздан кийин өнөрүбүздү жакшылап туртуулаш үчүн балдар бир аз эс алып, жаңы климатка көнүшү керек», — дейт ал.

Топтун балдары жол кире жана АКШда жашоо маселелерин чечишкенге жарадам бералган адамдар табылат деген үмүттөрүн билдиришет.

«Жардам берүүчүлөр табылып, биз өлкөбүздү уят кылбагандай америкалыктарга өнөрүбүздү көрсөтө алабыз деген оюбуз бар. Балким бирөө Америкадагы жатак маселебизди чечишкенге жардам береттир», — дейт ал.

«America's Got Talent» («Америкада таланттар бар») — NBC телеканалындагы америкалык өнөрлүүлөрдүн шоусу. Бул сынакта жыл сайын ар түрдүү жашатагы бийчилер, ырчылар, көз боёмочулар, комедианттар жана башка адамдар өз өнөрлөрүн көргөзүшөт. Сынактын башкы сыйлыгы 1 000 000 доллар.

Бул тумарчылардын Америкадагы сынакка катышуу үчүн жасаган экинчи аракети. Мурда да чакыруу келип, акчанын тартыштыгынан алар АКШга бара алышкан эмес.

ТЕМА БОЮНЧА: