Венгриялык мектеп окуучуларын ташып бараткан автобус Верона шаарына жакын жерде аварияга кабылган. Автобус күйүп кетип, өрттөн 16 адам каза болгон.

Франциядагы курорттон Венгриянын борбору Будапештке кайтып келаткан автобустагы окуучулар Италиядагы Верона жакын жердеги көпүрөнүн тосмосун сүзүп алган. Автокырсыктын себептерин полиция териштирүүдө. Версиялардын бири боюнча, автобустун дөңгөлөктөрүндө көйгөй жаралган болушу мүмкүн.

афтокатастрофа в Италии анса 3

Автобус күйүп кетип, 16 өспүрүм өрттө калган. 39 окуучуну сактап калууга жетишишкен менен алардын ичинен 26сы жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бир окуучу кома абалында жатат.

Окуучулардын айрымдары терезеден чыгып кетсе, айрымдары күйүп жаткан автобустун ичинде кала берген.

афтокатастрофа в Италии анса 4

Автобуста жалпы 55 жүргүнчү болгон. Алар 14-18 жаштагы мектеп окуучулары, мугалимдер жана айрым окуучулардын ата-энелери болгон.

Венгриянын Миландагы башкы консулу Жудит Тимаффи ANSA италян басылмасына кабарлагандай, курмандыктардын көбүн мугалимдердин биринин шарапаты менен куткарып кала алышкан. Мугалим да өрттөн жабыркаганына карабастан балдарды жалындаган оттун ичинен алып чыккан.

афтокатастрофа в Италии анса

Балдар окуган Будапешттеги мектепке аза күтүү белгиси катары гүлдөр коюлуп, шамдар жагылган.

Мындай сапарга окуучулар жылда чыгып келишкен.

ТЕМА БОЮНЧА: