Дональд Трамп расмий түрдө Америка Кошмо Штаттарынын 45-президенти болуп калды. Трамп өзүнүн президенттик антын берип, Американы «кайрадан улуу» кылууга убада бергенче, коңшу көчөлөрдө полиция нааразылык акциясына чыккандарды таратып кубалап жатат.

Американын жаңы президентинин инаугурация салтанаты ар дайымкыдай эле Вашингтондо өттү.

Трамп салтанатка жубайы Мелания менен келди. Өзүнүн сөзүнүн башында жаңы шайланган президент Барак Обамага бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берип жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан соң салтка айланып калгандай эле, ал Библияны кармап антын берди. Вице-президент Майк Пенс да ант берген.

trump

Өз сөзүндө Трамп шайлоо алдындагы убадаларын кайталады. Ал америкалыктарды жумушсуздук менен күрөшө турганын айтып ишендирди.

«Саясатчылар өнүгүп, бирок жумуш орундары калган жок, заводдор жабылды. Истеблишмент силердин эмес, өз кызыкчылыктарынын корголушу жөнүндө ойлонгон. [...] Бирок мунун баары ушул жерде, азыртадан баштап өзгөрмөкчү», — деп сөз берди Трамп.

Трамптын сөзү анын тандалышы менен бийлик «элдин колуна өтөт» деген кеби менен эсте калды.

«Бүгүн биз бийликти бир президенттин администрациясынан кийинкисине, бир партиядан башка партияга гана өткөрүп бербестен, Вашингтондун бийлигин силерге, элге өткөрүп беребиз», — деди ал.

Ал эми Вашингтондогу элдин колунда азырынча байрак менен факелдер гана бар. Жаңы президентке каршы болгон болжолдуу 150 адам Америка банкы менен «Макдональдс» тез тамактануу ресторанынын айнектерин сындырып кетишкен.

Борбордогу полиция кызматкерлери нааразы болгондорду көздөн жаш чыгарган газ менен кубалап таратууга туура келген.

Трамптын шайланышы америка коомчулугун бөлүп жарган.

Жаңы президенттин каршылаштары аны расизм, аялдарга сый-урмат мамиле кылбоо жана анын бизнеси менен президенттигинин ортосундагы кызыкчылыктардын кагылышы боюнча айыптоодо.

Бизнесмен Трамптын 2016-жылдын ноябрындагы жеңиши дүйнө коомчулугу үчүн күтүүсүз болгон. Шайлоонун аягына чейин керек болсо косервативдүү саясатчылар да аны жеңилет деп болжолдоп жатышкан.

Сүрөт: Agence France-Presse, Bloomberg