Москванын мэриясы мигранттар үчүн жүрүм-турум эрежелери жөнүндө комикс басып чыгарды. Китепчеде орус элдик каармандары мигранттарга борбор шаарда кантип жүрүш керек экени боюнча айтып беришет.

Москва мэриясынын 100 беттүү комикси жарык көрдү. Анда өлбөс Кащей, аяз кыз жана үч баатыр мигранттарга Орусиянын борборунда өзүн кантип алып жүрүш керек экенин түшүндүрүп беришет.

Ойдон чыгарылган персонаждардан тышкары агартуу ишине тарыхый адамдар да, мисалы Москванын негиздөөчүсү Юрий Долгорукий, жардам берет.

комикс для мигрантов 3

Комикс бюджетке жети миллион рублге турган жана 50 миң нуска менен чыккан. Комиксте сурап-билүү маалыматы менен бирге жалпы төрт бөлүм бар.

«Москвада эмгектенген мигранттарды колдоо» уюмунун жетекчиси Александр Калинин айтып бергендей, адегенде комиксти жаратуучулар орус фольклорундагы персонаждар менен КМШ өлкөлөрүндөгү жомоктордогу каармандардын чогуу чыгарууну пландаштырып, бирок каармандардын өтө көбөйүп кетишинен улам мындай идеядан баш тартышкан.

Мигранттар өздөрү дагы каарман сыяктуу көрсөтүлгөн. Ал кошумчалагандай, алгач мигранттар улуту боюнча жазылган болчу, бирок «эч ким таарынып калбашы үчүн» бул ойдон да баш тартылган.

Комикстин каармандары жердештерине өздөрүнүн Москвадагы ийгиликтери тууралуу айтып беришет.

комикс для мигрантов 7

«Москвага чет өлкөлүк жарандар келишет. Биз да аларды жомоктогу каарман деп эсептейбиз. Аларды да Орусиядагы жомоктогу каармандар тосуп алышып, бул жерде жүрүүнүн эрежелери туурасында айтып беришет», — деп түшүндүрдү Калинин.

Комикстин үстүнөн мигранттардын укуктары боюнча адистешкен юристтер иштеген. Андан соң тексттин тилин орус тили мугалимдери жөнөкөйлөштүргөн.

В качестве антагониста комикса выступает, как и заведено, Кащей Бессмертный. Он уговаривает мигрантов работать незаконно.
Комисктин антагонисти катары өлбөс Кащей көрсөтүлгөн. Ал мигранттарды мыйзамсыз иштөөгө үндөйт.

Калининдин айтымында, брошюра биринчи кезекте аз сабаттуу болгон адамдарга багытталган.

«Биз алардын арасында укуктук сабаттуулукту көтөргүбүз келет», — деп белгилейт ал.

комикс для мигрантов 9

Комиксте бир гана кеңеш жана эрежелер эмес, ошондой эле ар түрдүү тесттер да бар: орус тили, Москванын тарыхы жана авторлордун айтымында, эң татаалы документти даярдоонун эрежелери боюнча.

Богатырь-сотрудник МВД объясняет, зачем мигранту нужна регистрация.
ИИМдин кызматкери мигрантка эмне үчүн каттоо керек экенин түшүндүрүүдө.

Ошондой болсо да баары эле комикстин авторлорунун эмгегине ыраазы болуп калган эмес.

Миграция жана этика борборунун директору Евгений Варшавер китепченин тексти татаал түзүлүп калган деп эсептейт.

Василиса Премудрая, Снегурочка и, почему-то Александр Пушкин, объясняют правила русского языка.

«Китепчедеги орус тилинин деңгээли татаал. Мен аны окуй алам, бирок адамдардын көпчүлүгү, керек болсо орус тилинин негиздерин билген адамдар дагы китепчени эптей алышпаса керек. Муну которуп, Тажикстандын айылындагы мигрантка көрсөтсө дагы, мындай маалымат тажик тилинде дагы оор болот», — деп ойлойт Варшавер.

комикс для мигрантов 5

Варшавер Юрий Долгорукийдин коштоосундагы Москвага болгон иллюстративдик экскурсияны да сындаган. Комикстин бул бөлүгүндө борбор шаардын көрүнүктүү жайлары жана эстеликтеринин сүрөттөрү чагылдырылган.

Юрий Долгорукий выступает в качестве экскурсовода.
Юрий Долгорукий экскурсовод катары чагылдырылган.

Эксперттин ою боюнча, маршруттары менен картаны эле түзүп койсо пайдалуураак болмок.

«Экскурсия маршруттары картада болушу керек, мигранттар сүрөттөрдү карап кайда барыш керек экенин түшүнүшпөйт», — деп белгилейт Варшавер.

Василиса Премудрая сведуща не только в орфографии, но и в правилах поведения в метро.

Комикстин жаратуучулары аны коңшулаш өлкөнүн тилдерине которууну пландоодо. Учурда долбоор ишке ашып, мигранттардын арасында таркатылууда.

ТЕМА БОЮНЧА: