Көпчүлүк белгилүү адамдар Дональд Трамп президенттикке ат салышып жатканда эле аны АКШнын президенти катары көрө албашын бир нече жолу айтып келишкен. Качан Трамп жеңип чыкканда, алар инаугурацияга катышуудан, анын жубайын кийинтүүдөн баш тартып, кайрадан нааразылык акциясына чыгышкан.

«Трамп-тауэрдин» жанындагы акция

Дональд Трамптын инаугурациясынын алдында голливуд актёрлору Нью-Йорктогу «Трамп-тауэр» имаратынын жанында нааразылык акциясына чыгышкан.

Роберт Де Ниро

Фото: Mirror
Сүрөт: Mirror

Актёр Роберт Де Ниро нааразылык акциясын өзү чыгып сүйлөп ачкан. Хиллари Клинтондун активдүү тарапташы болгон Де Ниро Трампты «бул өлкө жана бул шаар үчүн начар үлгү» деп эсептээрин айткан.

Фото: Mirror
Актёр Алек Болдуин. Сүрөт: Mirror
Певица Шер и актер Марк Руффало. Фото: Reuters
Ырчы Шер менен актёр Марк Руффало. Сүрөт: Reuters
Фото: Mirrоr
Актриса Жулианна Мур. Сүрөт: Mirrоr
Фото: Daily Wire
Сүрөт: Daily Wire
Режиссер Майкл Мур. Фото: Mic
Режиссёр Майкл Мур. Сүрөт: Mic
Актриса Салли Фильд. Фото: crusader journal
Актриса Салли Фильд. Сүрөт: crusader journal
актриса Синтия Никсон. Фото: BBC
Актриса Синтия Никсон. Сүрөт: BBC
Актриса Мариса Томей. Фото: crusader journal
Актриса Мариса Томей. Сүрөт: crusader journal

Киноиндустриясынын өкүлдөрүнөн тышкары нааразылык акциясынла шаар мэри Билл Де Блазио жана диний үгүттөөчү Эл Шарптон да катышкан.

Билл Де Блазио. Фото: Wall Street Journal
Билл Де Блазио. Сүрөт: Wall Street Journal

Аялдардын маршы

Дональд Трамптын инаугурациясы өткөндөн кийинки күнү эле жүз миңдеген адамдар Вашингтондогу Аялдардын маршы деп аталган дагы бир нааразылык акциясына келишкен. Маршта аялдар менен кошо эркектер да катышып, Трамптын сөздөрүндөгү сексизмге каршы ой билдиришкен.

Актриса Скарлетт Йохансондун айтымында, Трамп ал добуш берген президент эмес. Бирок ал Трампты шайланган президент катары сыйлаарын белгилеп, кыздары бар ата катары аялдардын укугу үчүн күрөштү колдойт деп үмүттөнөт.

Фото: eonline
Сүрөт: eonline
Фото: eonline
Актриса Америка Феррера. Сүрөт: eonline
С речью выступила и певица Алиша Киз. Фото: eonline
Ырчы Алиша Киз. Сүрөт: eonline
Актриса Эмма Уотсон. Фото: Julian Routh
Актриса Эмма Уотсон. Сүрөт: Julian Routh
В розовой шапке на марше в Вашингтоне появился актер Шайа Лабаф. Фото: daily mail
Актёр Шайа Лабаф. Сүрөт: daily mail

Ушундай эле нааразылык акциялары башка шаарларда да өткөн.

Актёр Жозеф Гордон-Левитт Лос-Анжелестеги Аялдардын маршына барып катышкан.

Актриса Хелен Миренн Нью-Йоркто катышкан.

Ал жерде актриса Вупи Голдберг да чыгып сүйлөгөн.

Нью-Йорктогу маршта сүрөтчү, музыкант жана Жон Леннондун жубайы Йоко Оно да жүргөн.

Парк-Ситидеги Марштын катышуучуларынын арасында актриса Шарлиз Терон да көзгө урунган.

Фото: eonline
Сүрөт: eonline

Лас-Вегастагы маршка актриса Жейн Фонда менен ырчы Майли Сайрус катышкан.

Фото: eonline
Сүрөт: eonline
Модель Кристи Тейген и певица Кэти Пэрри. Фото: eonline
Модель Кристи Тейген жана ырчы Кэти Пэрри. Сүрөт: eonline
Актриса Эшли Джадд выступила с речью, а Джейми Ли Кертис пришла на парад с дочерью. Фото: eonline
Актриса Эшли Жадд чыгып сүйлөп, ал эми Жейми Ли Кертис кызы менен парадга келген. Сүрөт: eonline
Актрисы Хлои Грейс Морец и Джессика Честейн. Фото: eonline
Актрисалар Хлои Грейс Морец жана Жессика Честейн. Сүрөт: eonline
Эми Шуммер, Мадонна и Глория Стейнем. Фото: eonline
Эми Шуммер, Мадонна жана Глория Стейнем. Сүрөт: eonline

Мадонна нааразылык акциясында «Ак үйдү жардырып салуу жөнүндө көп ойлонгонун», бирок «сүйүүнү тандаганын» айткан.

Джада Пинкетт-Смит с дочерью Уилоу Смит. Фото: eonline
Жада Пинкетт-Смит кызы Уилоу Смит менен. Сүрөт: eonline

Дональд Трамптын тарапташы болгон белгилүү инсандар

Көпчүлүк белгилүү инсандар Трампка каршы ой-пикир билдиргени менен шоу-бизнес тармагында анын тарапташтары да бар.

Мисалы актёр жана режиссёр Клинт Иствуд. Ага Барак Обаманын саясаты жакчу эмес.

Фото: Business Insider
Сүрөт: Business Insider

Дональд Трамптыр актёр Жан-Клод Ван Дамм да колдойт.

Фото: Washington Standard
Сүрөт: Washington Standard

Актёра Жон Войттун кызы Анжелина Жоли Трамптын каршылашы болгону менен атасынын көз карашы башкача.

Фото: KWOTABLE
Сүрөт: KWOTABLE

Боксер Майк Тайсонду АКШнын жаңы президенти менен бизнес жана достук мамилелер байланыштырып турат.

Фото: the daily beast
Сүрөт: the daily beast

Трампты колдогон белгилүүлөрдүн арасында баскетболист Денис Родман да бар.

Фото: Political Forum
Сүрөт: Political Forum

Актёр Чак Норрис Дональд Трампты татыктуу президент болот деп эсептейт.

Фото: Washington Times
Сүрөт: Washington Times

Жаңы президенттин күйөрмандарынына рэп-музыкант Азелия Бэнкс да кирет. Бул анын фанаттарынын арасында талаш-тартыштарды жараткан.

Twitter-Suspends-Azealia-Banks-After-Endorsing-Trump_eb17510e-7c21-4878-a13c-a03c44bb0f1c Conservative Outfitters

ТЕМА БОЮНЧА: