Эл аралык «Transparency International» уюму жыл сайын чыга турган Коррупцияны кабылдоо индексин жарыялап, анда Кыргызстан 167 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээледи. Бул коррупция жарандардын турмушунда «күн сайын кездешет» деген сөз.

Кыргызстан Коррупцияны кабылдоо индексинде 100 упайдын ичинен 28 упай алып (упай канчалык аз болсо, өлкөдө коррупция ошончолук көп), 176 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээледи. Кыргызстан былтыр да ушунча эле упай алган.

Кыргызстандын таблицадагы азыркы позициясы өлкө «катуу коррупция» зонасында экенин, жарандар аны менен күн сайын кездешээрин билдирет.

«Кыргызстанда башкаруу системасы натыйжасыз иштейт. Инвесторлорго таза иштеш кыйын болот», — деди «Transparency International» уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Адылбек Шаршенбаев.

«Transparency International» жалпысынан Европа менен Борбор Азиядагы коррупцияга байланышкан жагдай өзгөрбөгөнүн белгилейт.

«Акыркы жылдары коррупция, саясатчылар мамлекеттин каражатын туура эмес пайдаланышы менен байланышкан жаңжалдар коомдун ишеничин кетирүүдө», — деп айтылат уюмдун отчетунда.

2015-жылы Кыргызстан 167 өлкөнүн ичинен 123-орун алган, бирок бул 2016-жыл ичинде өлкөнүн көрсөткүчтөрү начарлап кетти деген сөз эмес — Кыргызстан рейтингдеги өлкөлөр 176га чейин көбөйүп кеткендиктен таблицада төмөн түшкөн.

Коррупция менен күрөш — президент Алмазбек Атамбаевдин негизги багыттарынын бири. Ал 2011-жылы мамлекет башчысынын кызматына келгенде коррупцияны жок кылууга убада берген.

Ошого карабастан, 100 упайдын ичинен 28 упай — акыркы беш жыл ичинде Кыргызстан үчүн эң жакшы көрсөткүч.

Коррупцияны кабылдоо индексин «Transparency International» 1993-жылдан бери жарыялап келатат. Дания үч жылдан бери бул рейтингдин башында турат. Акыркы орундарда Түндүк Корея, Түштүк Судан жана Сомали жүрөт.

Индекс эксперттердин арасында жана ишкер чөйрөлөрдө жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде түзүлөт. Сурамжылоону мамлекеттик башкарууну же ишкердик шартын талдаган эркин уюмдар жүргүзүшөт.