Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун маалыматы боюнча, Кыргызстандагы эң чоң «Дордой» базарында 18 миң контейнерлердин алты миңи жабылган. Базарлар ассоциациясы муну учурдагы «өлүк маал» менен түшүндүрүүдө. Ал эми экономист Айылчы Сарыбаевдин пикири боюнча, бул Кыргызстандын ЕАЭБге киргендигинин кесепети.

Ибраимов кийим тигүү жана алып-сатуу менен алектенгендердин саны кыскарганга байланыштуу «Дордой» базарында да жумуш орундары кыскарып жатат деп билдирди.

Анын маалыматы боюнча, «Дордой» базарында алты миң контейнер жабылган жана бул тенденция мындан ары да уланмакчы.

Базарлар, соода-сатык жана кызмат көрсөтүү ишканалары ассоциациясынын жетекчиси Сергей Пономаревдун пикиринде, мынчалык көп сандагы контейнерлердин жабылышы өлүк маалга байланыштуу.

Анын сөзү боюнча, январда адатынча көптөгөн сатуучулар жумушка чыгышпайт жана бул убакытта алардан патенттик төлөмдөрдү албоо тууралуу арыздарын жазышат.

Өлүк сезонду Пономарев эл керектүү нерсесинин бардыгын ноябрь-декабрда эле сатып алышкандары менен түшүндүрөт.

«Февралдын ортосуна чейин соода солгундаган маал байкалат. Андан кийин соода-сатык иштери акырындан жандана баштайт. Өлүк маал ошондой эле июлда байкалат. Бирок да быйыл январда былтыркыга салыштырмалуу иштеп жаткан контейнерлердин саны көбүрөөк», — дейт Пономарев.

Экономика илиминин доктору Айылчы Сарыбаевдин Kloop.kgге берген маалыматы боюнча, ишкерлердин «Дордойдон» кетип жатканы 2015-жылы 12-августта Кыргызстандын Евразиялык экономикалык кошуунга киришине байланыштуу.

Эксперттин пикиринде, башка өлкөлөрдөн, биринчи кезекте Кытайдан, кирген товарларга бажылык тарифтерди көтөрүү тууралуу экономикалык кошуундун талабы залакасын тийгизүүдө.

«“Дордой” негизинен кытай жана түрк товарлары менен алектенет, ошондуктан базарга келген товарлардын көлөмү азая түштү», — дейт ал.

Кыргызстанга келген товарлардын көлөмүнүн азайышынын дагы бир себеби катары Сарыбаев казак-кытай чек арасында «Хоргос» эркин экономикалык аймагынын ачылышын атады.

ЕАЭБге киргенге чейин «Дордойдогу» ишкерлер кытай товарларын Казакстанга, Орусияга жана дагы башка өлкөлөргө реэкспорт кылуу менен алектенип келишкен.

Сарыбаевдин айтымында, 2017-жылы «Дордойдогу» жумуш орундарынын кыскарышы уланмакчы. Анын пикиринде, Кыргызстан реэкспорт кылган өлкөдөн өндүрүүчү-өлкөгө айланышы зарыл, бирок өлкөбүздүн алтындан башка продукциясы атаандаштыкка чыдабайт.

Сүрөт: Тамаш Пацай

ТЕМА БОЮНЧА: