«Акуновдун тизмеги»: Жарандык активисттер адам укуктарын бузгандардын тизмегин түзүшөт

Жарандык активисттер Кыргызстанда адам укуктарын бузгандардын ысымдары аталган тизмекти түзүп жатышат. Ким ага кириши мүмкүн?

«Адам укуктарын бузгандардын» тизмегин түзүү идеясы Сөз эркиндигин коргоо комитетинин 25-январда өткөн жыйынында жаралган.

Бир кезде экс-президентти катуу сындап, кийинчирээк 2007-жылы нарын милициясынын атайын кармоо камерасында өлтүрүлгөн Бектемир Акуновдун урматына бул тизмекти «Акуновдун тизмеги» деп аташты.

Тизмекти түзүүнүн демилгечиси Адил Турдукуловдун пикиринде, бул тизмек «тергөөнү мыйзам бузуулар менен жүргүзүп, Кыргызстанда адам укуктарын бузгандарды» аныкташ үчүн керек.

Анын сөзү боюнча, учурда «Акуновдун тизмегине» кыргызстандыктардын конституциялык укуктарын бузгандарды киргизе турган комиссия түзүлүп жатат.

«Биз азырынча ага [тизмекке] кимди киргизе турганыбызды талкуулап жатабыз. Башында акаевдин заманында мыйзамсыз чечимдерди чыгаргандарды карап жатабыз», — деди ал.

Турдукулов өзү Улуттук коопсуздук мамкомитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди жана КТРК менен ЭлТРК коомдук каналдарынын жетекчилерин тизмекке киргизүүнү сунуштап жатат.

«Вентус» укук коргоочу уюмунун жетекчиси Камил Рузиевдин пикиринде, абакта камалгандарды кыйнаган кызматкерлерди да тизмекке киргизүү керек.

«Алар тизмекке киргизилип, адам укуктарын одоно бузбашы үчүн алар бийлик органдарында болбошу зарыл», — дейт ал.

Укук коргоочу Рита Карасартова дагы «Акуновдун тизмегин» түзүүнү колдойт. Анын айтымында, мындай тизмектер АКШда жана Орусияда түзүлгөн, Орусияда бул тизмекти «Матрос жымжыртыгы» («Матросская тишина») убактылуу кармоочу жайында каза болгон Hermitage фондусунун юристинин урматына «Магнитскийдин тизмеги» деп аташкан.

«Мен, сөзсүз, биринчи кезекте, [Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча] демилгечилерди жана телеберүү аркылуу аларды колдогондорду киргизмекмин. Эч кимисин ылгабай, президенттен баштап, телеберүү аркылуу ар-кайсыны дөдүрөгөн дежурларга чейин», — дейт Карасартова.

Ал ошондой эле өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишине тиешеси бар бардык сотторду, тергөөчүлөрдү «Акуновдун тизмегине» киргизүүнү сунуштайт.

ТЕМА БОЮНЧА: