Евробиримдик Африка өлкөлөрүндө качкындар лагерлерин курууну пландап жатат

Европа Биримдигинин ички иштер министрлери Африка өлкөлөрүндө качкындар лагерин курууну пландап жатышат. ЕБдин жетекчилиги Европа «качкындардын жаңы агымын кабыл ала албайт» деп эсептешет.

Өз чечимин Евробиримдик Европада качкындардын жаңы агымын кабыл алууга мүмкүнчүлүк жок болгону менен түшүндүрүүдө.

Ливиядагы жана башка Африка өлкөлөрүндөгү лагерлер БУУнун жана Эл аралык миграция уюмунун көзөмөлү астында болот.

Германиянын ички иштер министри Томас де Мезьер Европа мигранттардын киришин өз алдынча көзөмөлдөшү керек деп эсептейт.

«Негизги идея — Европага ким келишин мыйзамсыз киши ташуучулар эмес, Европа чечиши керек. Мигранттарды киши ташуучулардан сактап, аларды Европанын тышындагы коопсуз жерге жеткирүү зарыл», — деди ал.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын басма сөз катчысы Уильям Спиндлер айрым качкындар Европага Жер ортолук деңизи аркылуу жетүүнү көздөп жатып деңизде өлүп жатышканын баса белгиледи.

БУУнун маалыматы боюнча, 2016-жылдын ичинде Жер ортолук деңизинде 4000дей качкын чөгүп кетти.

Бул мүшкүл менен күрөш үчүн ЕБ деңиз кайгуулун уюштуруп, ал качкындардын деңиздеги багытын көзөмөлдөп турат.

Чек арадан мыйзамсыз өткүсү келгендер ошол атайын түзүлгөн лагерлерге жөнөтүлөт.

Евробиримдик буга чейин качкындар ошол жакта кала бериши үчүн Түркияга 6 миллиард доллар сунуш кылуу менен бул маселени чечүүгө аракет кылган. Бирок бул кадам мигранттардын Европага кирген агымын бир аз гана азайтты.

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин 2016-жылы жайында Кыргызстанга келиши өлкөдө качкындар лагерлерин түзүү тууралуу имиштерди пайда кылган. Бирок анда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги качкындар лагерин түзүү боюнча маалыматты төгүнгө чыгарган болчу.

Сүрөт: «Рейтер»