Орусия: Мамдума үй-бүлөдөгү ур-токмок үчүн кылмыш жоопкерчилигин алып салды

Мамдуманын депутаттары үй-бүлөдөгү ур-токмокту кылмыш катарынан чыгара турган мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алышты. Эми жакын туугандарын сабагандарга административдик гана жаза колдонулат.

Мамдума үч окууда кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык, эгерде адам жакын туугандарын биринчи жолу урган болсо ага административдик жаза колдонулат.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Ольга Баталина жаңы мыйзам менен депутаттар «үй-бүлөнү институт катары сактап калгысы келип жатышканын» айтты.

«Адамдар чатак маалында ачууга алдырып, бири-бирине зыян келтирүү ниети болбогон учурларда административдик жоопкерчиликке жол берилет», — деп түшүндүрдү ал.

Федералдык Жыйындын Федералдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча комитетинин башчысынын орун басары Елена Мизулина билдиргенге караганда, Орусиядагы ата-энелер абдан кыйын абалда, анткени «баланын эти көгөрүп калганы» эле ата-энесин кылмыш жоопкерчилигине тартууга себеп болушу мүмкүн. Бирок эгерде баланы чоочун киши уруп койсо, ага административдик гана жаза колдонулуп келатат.

Мыйзам долбоорунун авторлору эми бул жорукту ким кылганына карабай анын жазасы бирдей болот деп эсептешет.

Жарандык коом жаңы мыйзам долбооруна карата мамилесин дароо билдирди. Жазуучу Мария Арбатова бул мыйзамга каршы чыкты. Анын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулуктун 95 пайызында өзүн коргой албаган аялдар жабыр тартат.

«Мага полициянын бир нече полковниги айткандай, алар токмок жеген аялдар менен балдар жата турган жаңы мүрзөлөрдү эмитен эле көрүп жатышат. Бүгүн Дума Кремлдин шыкагы менен үй-бүлөлүк зөөкүрлөрдүн чырагына май тамызып, эми алар жакындарын каалашынча эзишет», — деди ал.

Москванын балдар акыйкатчысы Евгений Бунимович зомбулуктун кайсы түрүнө болсо дагы жол бергенге болбойт деп ишенет.