Билим берүү министрлиги: Окуучуларды кечиккени же формасы жоктугу үчүн сабактан кууп чыкканга болбойт

Билим берүү министрлиги Кыргызстандын мектептери үчүн кеңештерди иштеп чыкты. Аларга ылайык, окуучуларды кечиккени жана мектеп формасынын жоктугу үчүн сабактан кууп чыкканга болбойт. Окуу планына кирбесе, аларды кезмет үчүн сабактан калтырганга да болбойт.

Мекемедегилер сабак учурунда мугалимдер балдарды кароосуз калтырып, аларды кечиккени үчүн же мектеп формасынын жоктугу үчүн сабактан кууп чыкпашы керек деп эсептешет.

«Сабакка кечигүү же мектеп формасынын жоктугу окуучуну сабакка киргизбей коюуга негиз болбошу керек. Окуучуларды сабактан чыгарып жиберүүгө таптакыр тыюу салынат», — деп айтылат Билим берүү министрлигинин катында.

Министрлик окуу планына кирбеген болсо, окуучуларды ашканадагы кезмет жана мектептин тегерегин жыйноо үчүн сабактан калтырууга да тыюу салды.

Мекемедегилер окуу процесси «мыйзамдуулук, демократиялуулук, кемсинтүүгө жол бербөө жана сый-урмат» принциптерине негизделиши керек экендигин баса белгилешүүдө.

Министрлик окуучу сабакка келбей калса, класс жетекчи эмне кылышы керек экендигин да жазып чыкты — ал баланын сабакка келбеген себебин аныктап, ал тууралуу ата-энесине кабарлашы керек.

Эгерде бала үч күн бою сабакка келбей калса, ата-энеси мектеп директорунун наамына жазган арызында анын олуттуу себебин түшүндүрүп, же медициналык маалымдама алып келүүгө тийиш.

Билим берүү министрлиги окуу жайынын ичине чоочун кишилер кирбеши үчүн мектептерде өткөрмө системасын киргизүүгө да кеңеш берет. Эгерде мектеп ага чамасы жетпесе, күзөттөгүлөр, кезметчи мугалимдер же администратор коопсуздукка көз салышы зарыл.

Сүрөт: president.kg