Freedom House уюмунун доклады: Кыргызстан автократиялык өлкөлөрдүн катарына кошулду

Freedom House уюмунун эл аралык адистеринин пикири боюнча, Кыргызстан бир кезде демократиялык өлкө болуп эсептелсе, 2016-жылы ал автократиялык өлкөгө айланды. Аны себеби катары Баш мыйзамга жакында киргизилген өзгөртүүлөр айтылууда.

Freedom House уюмунун адистеринин билдирүсү боюнча, 2016-жылы Кыргызстанда «экономикалык жана саясий арсарлык шарттарда, бийликти бекемдөөгө кадамдар жасалган».

«Президент Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтү 2017-жылдын экинчи жарымында аягына чыгат. Бирок жакында кабыл алынган конституциялык өзгөртүүлөр премьерлик кызматка өтүү менен бийликти сактап калууга шарт түзөт», — деп айтылат докладда.

Кыргызстанда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум 2016-жылдын 11-декабрында өткөн болчу. Киргизилген өзгөртүүлөр премьер-министрдин мүмкүнчүлүктөрүн кыйла күчөтөт, муну, адистердин айтымында, президент өз бийлигин сактап калуу үчүн жасады.

Мурдагы жылы адистер Кыргызстанды «жарым-жартылай эркин» өлкө деп атап, демократияны андан ары өнүктүрүүгө багыт алган мамлекет катары баалашкан.

Адистердин пикири боюнча, автократиялык өлкөлөрдүн катарына ошондой эле Азербайжан жана Тажикстан кирет.

Бул өлкөлөрдүн президенттери алардын ыйгарым укуктарын кеңейткен референдумдарды өткөрүшкөн. Мисалы, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 2020-жылга чейин өз кызматында отура алат.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов президенттике каалаган жолу ат салыша алат, ал эми президенттик кызмат анын уулуна өтүшү мүмкүн.

Картада уюмдун изилдөөсүнүн жыйынтыгы көрсөтүлгөн.

Евразия чөлкөмү демократиялык жолдо өнүгүп жаткан өлкөлөргө жана автократиялык өлкөлөргө бөлүнгөн. Украина, Грузия жана Молдова, адистердин пикиринде, демократиялык жетишкендиктерин сактап калууга аракет кылышууда.

Бирок батыш мамлекеттери аталган өлкөлөргө колдоосун азайтса, демократиялык прогресстер токтоп калышы мүмкүн деп эскертет Freedom House.

Орусия, мурдагы жылдай эле, эркин эмес өлкө катары бааланган. Бул топко дагы Афганистан, Азербайжан, Белорусь, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түндүк Корея, Сирия сыяктуу өлкөлөр кирет.

Докладда жалпысынан 195 өлкөдөгү саясий абал иликтенген. Алардын 49у эркин эмес өлкөлөр деп бааланган. Бул өлкөлөрдө адамзаттын 36 пайызы жашайт.

67 өлкөдө саясий жана жарандык укуктарга жаңы чектөөлөр киргизилген болсо, 36 гана мамлекетте оң жылыштар байкалган.