АКШ: Кирүүгө тыюу грин-картасы бар мигранттарга тиешеси болбойт

Президент Трамптын жарлыгы боюнча негизинен мусулман калкы жашаган жети мамлекеттин тургундарына АКШнын аймагына кирүүгө убактылуу тыюу салынды. Бирок бул жарлык грин-картага ээ болгон жарандарга тиешеси болбойт.

Шон Спайсер. Сүрөт: REUTERS/Carlos Barria

Жарандарына Трамптын жарлыгы боюнча АКШга кирүүгө тыюу салынган жети мамлекеттен келген грин-карта ээлери Америкага келип, анын аймагында калса болот. Бул тууралуу маалымат жыйынында Ак Үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер айтты.

Президенттин жарлыгына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди. Жарлыктын мурдагы версиясында грин-карта ээлери АКШнын аймагына кириш үчүн атайын уруксат алышы керек болчу. Алар визасыз кириш программасы боюнча арыз берип, АКШга 90 күнгө кире алмак.

«Алар үчүн мындан ары атайын арыз берүүнүн зарылдыгы болбойт, анткени алар мыйзамдуу резиденттер болгон соң аларга анын кереги жок», — деди Спайсер.

Сүрөт: Getty Images

Негизинен мусулман калкы жашаган жети мамлекеттин тургундарына АКШнын аймагына кирүүгө убактылуу тыюу салган жарлыкка президент Дональд Трамп 27-январда кол койгон. Президенттик администрациянын маалыматына караганда жарлык «АКШны террорчулуктан коргоого» багытталган жана өлкөгө «радикалдуу исламчылардын» киришине тыюу салууну камтыйт.

Жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салынган мамлекеттердин катарына Сирия, Иран, Ирак, Ливия, Сомали, Судан жана Йемен кирди. Тыюу эң аз дегенде 90 күн күчүндө болот. Сириядан келген качкындарды кабыл алуу белгисиз мөөнөткө кийинкиге калтырылат. Кара тизмедеги калган алты өлкө үчүн ал 120 күнгө кийинкиге калтырылат.

Качкындардан тышкары, АКШ аркылуу жөн эле транзит менен учуп өтүшү керек болгон башка мамлекеттердин кош жарандыгы бар тургундары да тыюунун алкагына түшүп калышты.

Сергей Брин Дональд Трамптын жарлыгына каршы нааразылык акциясында. Сүрөт: Twitter

Президенттин жарлыгы жалпы нааразылыкты жана каяшаны пайда кылды. Жарлыкка каршы нааразылыкты мурдагы президент Барак Обама, «Google» компаниясын негиздөөчүлөрдүн бири Сергей Брин жана башка америкалык атактуу адамдар колдоп чыгышты.

Америкалыктар шаарлардын көчөлөрүнө жана аба майдандарынын аянттарына чыгып, мигрантарды АКШга киргизүүнү талап кылышты.

АКШнын 16 штатында башкы прокурорлор Трамптын жарлыгын АКШ Конституциясына каршы келет деп баалашты. Мындан тышкары, жарлык АКШда 1965-жылы кабыл алынган Харт-Селлер мыйзамына да каршы келет. Ал мыйзам АКШга келген миграцияны жарандыктын негизинде чектөөгө тыюу салган.


ТЕМА БОЮНЧА: