Өз жанын кыюу окуялары эмнеси менен ээликтириши мүмкүн жана кантип дүрбөлөңгө түшпөш керек?

Коомдук илимдердин доктору Назгүл Кулова «өз жанын кыйгандардын» оюндары тууралуу коомдо кызуу талкуу болуп жатканда, токтоолук кылып дүрбөлөңгө себеп бербөө зарыл экенин жазат.

Колонканын автору: Назгүл Кулова, коомдук илимдеринин доктору, өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйган учурларды изилдеген.

Өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйган учурлар бүгүнкү күнү дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө чоң маселе. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БСУ) статистикалык маалыматы боюнча, 15-19 жаштагылардын өлүм себептеринин арасында өз жанын кыюу экинчи орунда турат.

Мурдагы совет өлкөлөрүндө абал кандай экенин айтыш кыйын, анткени бул өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан дагы, балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасындагы өз жанын кыюу учурлары боюнча статистикалык маалыматтарды беришпейт. Бул нерсе Советтер Союзу заманынан бери уланып келатат, ал убакта «өз жанын кыюу — бул буржуазиялык коомго гана мүнөздүү нерсе, СССРде өз жанын кыюу жок» делет эле.

Бирок Советтер Союзунда, башка өлкөлөрдөй эле, өз жанын кыйгандар болгон, бирок андайда бул психикалык оорунун кесепети дешчү, а эгер адам тирүү калса, анда аны психикалык ооруканага жаткырып, дарылай башташчу. Ушуга окшош мамиле, көз караштар бизде дале өкүм сүрүп келет.

Жин оорулуу гана өз жанын кыйганы барат деген түшүнүк бизде али да күчтүү. Эгер кайсы бир үй-бүлөдө өз жанын кыйган, же жанын кыйганга аракет болгон болсо, бул тууралуу ал үй-бүлө, адатынча, эч кимге эч нерсе айтпайт, унчукпайт. Бул жарабайт, жашырбаш керек, анткени өз жанын кыйганга аракет көп учурда адамдын өзүн-өзү талкалап жок кылуунун башында турганын айгинелейт, ага жардам бериш керек, бүгүн болбосо башка жолу ал өз максатына жетип, барыбир өз жанын кыйышы мүмкүн.

Эрнест Хемингуэйдин үй-бүлөсүндө андан башка дагы өз жанын кыйгандар болгон. Сүрөт: «Ernest Hemingway Photographs Collection. John F. Kennedy Presidential Library and Museum, Boston.»

Өз жанын кыйгандын үй-бүлөсүнө да жардам көсөтүлүшү керек, анткени бул алар үчүн чоң шок. Америкалык атактуу жазуучу Эрнест Хемингуэй өз жанын өзү кыйганын баары билет болушу керек, бирок анын үй-бүлөсүндө ага чейин да, тилекке каршы, кийин да, өз жанын кыйган учурлар болгонун баардыгы биле бербесе керек. Анын атасы, агасы, эжеси жана небереси да өз жанын кыйышкан. Башкача айтканда, жакынынын, тууганынын өз жанын кыйганы үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө да чоң кыйраткыч таасирин тийгизет.

Бирок өз жанын кыюу бул кырсык болгон үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө гана эмес, жалпы эле курчап турган чөйрөгө да таасир этет. Өз жанын кыюунун ээликтирүүчү таасирине кененирээк токтолгум келет, анткени бул нерсе анчалык деле сейрек көрүнүш эмес.

Атактуу француз социологу Эмиль Дюркгейм «Өз жанын кыюу: социологиялык этюд» (1897) деген белгилүү китебинде жогоруда айтылган эффект боюнча бир канча мисалды келтирет. Бул окуя француз армиясында болгон. Бир аскер күзөттө турган будкасында өз жанын кыйат, кийин бир нече күндүн ичинде ошол будкада турган дагы бир канча аскер өз жанын кыйган. Будканы өрттөп салышкандан кийин гана өз жанын кыйган учурлар тык токтогон.

Мындай мисалдар көп.

Илимий эмгектерде аны «cluster suicide» же «copycat suicide» деп коюшат. Бул көрүнүштүн дагы башка аталышы бар — «Вертердин эффекти», мынтип ал Иоганн Гётенин «Жаш Вертердин азап чегүүсү» деген романындагы (1744) сүйүү азабынан өз жанын кыйган башкы каармандын атынан коюлган.

Бул роман жарыялангандан кийин бүт Европада жаштар арасында өз жанын кыйган учурлар кескин өсүп кеткен. Айласы кеткенде китепти басып чыгарууга, аны окуганга тыюу салганга чейин барышты. Бул жаштар дагы сүйүүдө бактысыз болушканын божомолдосо болот. Романдын жарыяланышы кандайдыр бир деңгээлде буулугуп, толуп турганды жарган шибеге болду, өлүмдүн себеби эмес, шылтоосу болду.

Голливуд актрисасы Мерилин Монро өлгөндө аны туурап өз жанын кыйгандар көп болгон. Сүрөт: Getty images

Ээлигип-эрчип өз жанын кыйган учурларды америкалык социолог Дэвид Филлипс жакшы изилдеген, ал мындай нерсени байкаган: өз жанын кыйган учурларга ЖМКлар кеңири токтоп, ал тууралуу көп жазышканда, мындай учурлардын саны кескин өсүп кеткен, өзгөчө белгилүү адам өз жанын кыйса. Болгондо да бул өсүш жанын кыйган адамга тиешеси бар социалдык топто байкалган. Өз жанын кыйган атактуулар, мисалы, Мэрилин Монро, Окада Юкико жана башкалар себепчи болгон жан кыйган учурлардын өсүшү тууралуу илимий изилдөөлөр бар.

1978-жылы Венада метро ачылган, поезд алдына секирүү өз жанын кыюунун эң көп кездешкен ыкмалардын бири болгондуктан, мындай нерсе Венанын метросунда да болду. Ар бир ушундай окуяны ал кездеги австриялык ЖМКлар кенен чагылдырып жазат эле, ушуга байланыштуу өз жанын кыйгандардын саны да өсүп кеткен.

«Өз жанын кыюу учурлардын алдын алуу боюнча Австриялык ассоциация» ушундай кырсыктарды жаңылыктарда туура чагылдыруу боюнча ЖМКларга атайын колдонмо иштеп чыккан. Жарым жылдын ичинде метродо өз жанын кыйгандардын саны 80 пайызга азая түшкөн.

Ушул изилдөөлөрдүн негизинде БСУ (ВОЗ) атайын брошюра-колдонмолорду иштеп чыккан, анын ичинде журналлисттер үчүн «Өз жанын кыюу учурлардын алдын алуу: ЖМК адистери үчүн колдонмо» (Preventing suicide: A Resource for Media Professionals) деген эмгекти, анда өз жанын кыюу учурларын ЖМКлар кантип чагылдыруу керектигин майда-чүйдөсүнө чейин чечмелеп, түшүндүрүп берген кеңеш-сунуштар бар.

Ага ылайык, журналисттер ашыкча тактыктан качышы керек жана да себептерин майда-чүйдөсүнө чейин, өз жанын кыюунун ыкмасын жазбаганга, өлүктүн сүрөтүн жарыялабаганга аракеттениши зарыл. Тилекке каршы, практика көсөткөндөй, биринчи кезекте рейтингди ойлогон ЖМКлар окуяны майда-чүйдөсүнө чейин жазып, шордуулардын сүрөттөрүн жарыялап, атайын болбосо да адамдарды өз жанын кыюуга түртмөлөшөт.

Акыркы күндөрдөгү окуялар жогоруда айтылган Вертер эффектиси кандай иштээрин көрсөттү. Кыргызстандагы бир жаңылык порталы коомдук тармактарда орун алган имиш өз жанын кыйгандардын топтору жана оюндары тууралуу такталбаган, бирок көлөмдүү материалды жазып чыкты. Аны башка ЖМКлар дароо ала коюп, андан ары таркатышты, элдер коомдук тармактарда устаралардын, кан тамыры кесилген колдордун сүрөттөрү бар материалдарды бөлүшө башташты.

Эгер үч күн мурда кыргызстандыктардын көбү бул топтор, оюндар тууралуу эч нерсе билбесе, азыр аларды билбеген адам калбады окшойт. Бул ызы-чуу менен Бишкекте өз жанын кыйган 15 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнүн ортосунда байланыш барбы, же жокпу азырынча бир нерсе айтуу кыйын, бирок өз жанын кыюу темасынын жаңылыктарда, коомдук тармактарда биринчи орунга чыгуусу өспүрүмдүн өз жанын кыюуга акыркы кадамды жасашына себепкер болуп калышы толук ыктымал.

Ушуга байланыштуу, мындан ары ушуга окшош окуяларды болтурбаш үчүн ээлигип-эрчип өз жанын кыюу учурлардын алдын алуу боюнча БСУнун кеңештери менен ЖМКларды таанышып чыгууга милдеттендириш керек деген пикирдемин. Жалпысынан алганда, бул маселени чечиш үчүн сестемалык иш-аракеттер керек.


ТЕМА БОЮНЧА: