Атамбаев тууралуу ыр жазган акынга кылмыш иши козголду

Кыргызстандын президенти тууралуу фейсбукта жазган ырынан кийин белгилүү болгон акын Темирлан Ормуковго жалган жалаа үчүн кылмыш иши козголду. Доо арызды парламент депутаты Дастан Бекешев жазган.

Депутат Дастан Бекешев акын Темирлан Ормуковду жалган жалаа жапты деп күнөөлөдү. Мурда акын Сокур жана дүлөйлөр коому социалдык борборунун жетекчиси болуп эмгектенгени жана парламентарийдин үстүнөн арыз жазганы белгилүү болду.

Ормуков болсо Бекешевди оң рулдуу автомобилдерди алып-сатуу менен алектенген ишкерлерден алардын кызыкчылыктарын парламентте коргоо үчүн ири суммадагы акча алган деп айыптаган.

Андан тышкары акын депутатты Сокур жана дүлөйлөр коомунун төрагасы кызматынан учурдагы жетекчисин түшүрүү максатында мыйзамсыз митинг уюштуруу боюнча күнөөлөгөн.

Укук коргоо органдары тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, бирок коррупциялык иштер жана мыйзамсыз митинг уюштуруу боюнча айтылган факттар ырасталган эмес.

ИИББден кабарлашкандай, жалган каралоо факты боюнча Ормуковго каршы кылмыш иши козголгон.

Ормуков өлкө президенти Алмазбек Атамбаев жөнүндө фейсбукта жазган ыр саптарынан кийин белгилүү болгон.

2016-жылдын декабрында жазган ыры үчүн аны Башкы прокуратурага суракка чакырышкан.

Ормуковдун өзү белгилешинче, прокуратуранын кызматкерлери анын ырларында аймак аралык кастыкты козутканга өбөлгө түзгөн жана өлкө президентинин ар намысына шек келтирген элементтер бар деп билдирген. Бирок анын ырлары кылмыш ишинин козголушуна себеп болгон эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: