Нарындагы митинг: Жергиликтүү тургундар көмүр менен электрди арзандатууну талап кылышты

Ондогон адамдар Нарында митингге чыгып, электрдин баасын үч эсе, көмүрдүн баасын эки эсе төмөндөтүүнү талап кылышты. Январдын башында Нарын облусунун тургундары көмүрдүн тартыштыгына туш болушкан.

Митингдин уюштуруучуларынын бири Эркин Асаналиев Kloop.kgге билдиргендей, нааразылык акциясына көмүрдүн жана электрдин баасын арзандатууну талап кылган 200дөй киши чогулган.

Бирок ИИМдин маалыматына жана митингдеги сүрөттөргө караганда ага 30дан 50гө чейинки адам чыккан.

Азыр бир тонна көмүр төрт миң сом турат, жергиликтүү тургундар аны эки миң сомго чейин түшүрүүнү талап кылышууда. Алардын дагы бир талабы — кыш мезгилинде электр энергиясынын баасын киловатт/саатына 2 сом 16 тыйындан 77 тыйынга чейин түшүрүү.

«Биз шаардын башкы аянтында чогулдук. Адаттагыдай эле чагымчыл, мамлекеттик администрация жалдап алган кишилер бар. Азыр эл бул жакта турат, талашып атабыз», — деди Асаналиев Kloop.kgге курган маегинде.

Жергиликтүү бийлик менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин митингге чыккандар маселенин чечилиши боюнча бир бүтүмгө келбей эле тарап кетишкен.

Асаналиев кабарлагандай, жашоочулар дагы жаңы митинг уюштуруп, ага министрликтердин жана өкмөттүн өкүлдөрүн тартууга аракет кылышмакчы.

Кийинки митингде, Асаналиевдин айтымында, тургундарга социалдык төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча да маселе көтөрүлөт.

Асаналиевдин айтымында, өкмөт облус тургундарына жеңилдетилген баа менен кошумча 1000 кВт/саат электр энергиясын жөнөтүүгө ниеттенүүө. Бирок бул тууралуу чечим 2018-жылы гана кабыл алынат.

ИИМдин маалыматы боюнча, митингде кырдаал «тынч» болгон.

Көмүрдүн тартыштыгы

Жергиликтүү тургундар 2017-жылдын январынын башында аймак бир жума бою көмүрсүз калганына нааразы болушкан. Анда парламент депутаттары бул маселени отурумда көтөрүп, бирок спикер Чыныбай Турсунбеков 17 автоунаага жүктөлгөн көмүр элди камсыз кылыш үчүн Нарынга жөнөтүлгөнүн билдирген.

Буга чейин жергиликтүү бийлик облус кышка толук даяр экенин айтып келген, бирок кийинчерээк Нарындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов аймакта «көмүрдүн тартыштыгына байланышкан маселе курчуганын» моюнга алган.

Кышында облустун аймагындагы температура -28 градуска жетип, бийлик мектептерде сабактарды токтотууга мажбур болгон.

Жергиликтүү тургундарга көмүр негизинен эки кенден, Кара-Кече менен Туруктан жеткирилет.

2016-жылдын башында Кара-Кече кени жайгашкан Нарын облусунун Жумгал районунун тургундары митингге чыгып, бийликтен кен чет элдик инвесторлорго өткөрүлүп берилбешин талап кылган.

Облус тургундары Турук кенинде көмүр казууга карата «мыйзамсыз» аукционду токтотууну да талап кылып митингге чыгышкан.

Сүрөт: «АКИпресс»