Кыргызстандагы көмөк чордондордун картасы жарыяланды. Ал эмне үчүн керек?

Өнөр жай жана энергетика мамкомитети Кыргызстандын бардык көмөк чордондору (подстанциялары) көрсөтүлгөн картаны жарыялады. Аны түзгөндөр карта карапайым калкка жана ишкерлерге «энергосектордогу жемкорлукту жеңгенге» жардам берет дешүүдө. Бирок кантип?

Интерактивдүү картаны Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети иштеп чыккан. Картанын демо-түрүн бул жерден көрсө болот. Анда Кыргызстандагы көмөк чордондордун көбүн тапса болот.

Колдонуучулар — жеке менчик турак үйлөрдө жашагандар жана ишкерлер — бул картадан жакын жерде кандай көмөк чордон бар экендигин, ага кошулуп-кошулбаска болоорун биле алышат.

Жашыл түс менен кошулууга мүмкүн көмөк чордондор белгиленген. Көк-жашыл көмөк чордондорго кошулса болот, бирок айрым чектөөлөр менен. Кызылдарга кошулууга болбойт. Көгүш түс менен али да курула эле көмөк чордондор белгиленген. Ал эми боз түстөгүлөр — жеке менчик компаниялардын көмөк чордондору.  

Белгинин өлчөмү көмөк чордондун кубаттуулугун көрсөтөт — ал канчалык чоң болсо, көмөк чордон ошончолук кубаттуурак. Көмөк чордон тууралуу кененирээк маалымат алыш үчүн анын белгисин басыш керек.   

Ал же бул көмөк чордонго кошулуу мүмкүндүгү тууралуу маалыматты, адатынча, энергокамсыздоочу компаниялар беришет.

Картаны түзүүчүлөрдүн пикиринде, «жемкорлук менен күрөшүү» элементи бул жерде көмөк чордондор тууралуу маалыматтын элге жеткиликтүү болгонунда.

Өнөр жай мамкомитети билдиргендей, энергокамсыздоочу компаниялардын кызматкерлери жакын жерде көмөк чордондор жок деген шылтоо менен кошулууга уруксат бербей коюшу мүмкүн.

«Эгерде аларга төлөй турган болсоң, кандайдыр бир сыйкырлык менен кошулууга мүмкүн болгон көмөк чордондор дароо табыла калат. Ушундай нерселерге бөгөт коюш үчүн биз бул картаны түздүк», — дешти Kloop.kgге мамкомитеттегилер.

Мамкомитеттин өкүлүнүн айтымында, бул картаны түзгөнгө мамбюджеттен бир да сом коротулган эмес — аны программисттер өзүлөрү түзүп чыгышкан.