Ташкенде «Манас» кыргыз арт-рестораны күйүп кетти

Өзбекстандын борбору Ташкенде «Манас» кыргыз арт-ресторанында эртең мененки 10:30да өрт чыкты. Имаратты каптаган отту 7 өрт өчүрүүчүлөр тобу өчүрүп жаткан менен, бирок ресторан дээрлик толук күйүп кеткен. Өрттүн себептери азырынча белгисиз, эч ким жабыр тарткан жок.

Өрттүн себептери азырынча аныктала элек. Айрым тургундар өрт жарылуудан кийин чыкканын айтышты эле, бирок кийин бул маалыматты бийлик четке какты.

«Манас» ресторанынын администрациясы «Фэйсбуктагы» өз барагында өрттөн эч ким жабыркабаганын билдирди.

«Ооба, бул чын. Сүйүктүү Хандыгыбыздын имараты күйүп кетти. Эң негизгиси — эч ким жабыркаган жок! "Манас" имарат эле эмес, ал үй-бүлө, аны ушул кырсык бириктирип кетти», — деп жазды ресторандын администрациясы.

Өзбекстандын өрт коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы эртең мененки 10:30да башталган өрттү жети өрт өчүрүүчүлөр тобу өчүргөнүн, бирок ага карабастан ресторан дээрлик толук күйүп кеткенин билдирди.

«Манас» ресторанын «кичинекей Кыргызстан» деп аташат. Анын кожоюндарынын айтымында бул Ташкендеги кыргыз улуттук ашканасы бар-бирден бир арт-ресторан.