50дөн ашык юристтер Саляновага каршы куугунтукту токтотууну талап кылышты

Кыргызстандын юристтери депутат жана мурдагы прокурор Аида Саляновага каршы козголгон кылмыш ишин кайра карап чыгуу өтүнүчү менен башкы прокурорго кайрылышты. Ага Алексей Елисеевге адвокаттык лицензияны «мыйзамсыз берген» деген күнөө коюлууда.

Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын атына жиберилген колллегиялык кайрылууга 56 адвокат кол койгон. Алар Аида Салянованын ишине дагы бир жолу укуктук баа берүүнү суранышты.

Башкы прокуратура Саляновага 2010-жылы ал Адилет министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын «мыйзамсыз» узарткан деген күнөө коюуда. Кыргызстанда бул юрист куулган президент Куманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын адамы болгону менен белгилүү.

Башкы прокурорго кайрылууда адвокаттар Елисеевге лицензия берүү мыйзам бузуу эместигин айтышат.

«Адвокаттык лицензиясы узартылып жатканда арыз берүүчү соттун чечими менен кесилген эмес, ал эми козголгон кылмыш иши адвокаттык ишмердүүлүгүн улантуусуна тыюу салганга негиз болуп бере албайт», — дешет алар.

Улуттук коопсуздук мамкомитети Елисеевге лицензияны «мыйзамсыз берүү» иши боюнча Салянованы суракка алганга жетишкен. Сурак 5 саатка созулуп, анын аягында Салянова суракта айтылгандар тууралуу эч бир маалымат таркатпайм деген колкатка кол койгон.

Башкы прокурордон оппозиционерге

Мурдагы юстиция министри жана башкы прокурор Аида Салянова президент Алмазбек Атамбаевди 2015-жылдын башынан бери ачык сындай баштаган.

Анда, башкы прокурорлук кызматтан кетип жатып, Бишкектин ТЭЦине көмүрдү мыйзамсыз жеткирип туруу шеги боюнча анын күйөсүнө каршы козголгон кылмыш ишинен кийин, ага да бийлик кысым көрсөтө баштады деп билдирген.

2016-жылы оппозициялык «Ата-Мекен» партиясынан депутат болуп туруп Атамбаевдин башкы мыйзамды реформалоосуна каршы чыккан жана бат эле өлкөнүн көрүнүктүү оппозициячыл саясатчысына айланган.

Ошол эле жылы анын күйөөсү шарттуу түрдө жети жылга кесилген, ал эми башкы прокуратура Саляновонун өзүнө каршы — Елисеевдин лицензиясы боюнча — кылмыш ишин козгогон.

Елисеев ал кезде мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын уулу Максим Бакиевге байланыштуу көптөгөн кылмыш иштерине тиешеси бар адам катары каралып жаткан. Башкы прокуратуранын божомолунда, Елисеевдин лицензиясын узартып жатып, адилет министрлиги адвокаттын жеке ишине тийиштүү материалдарды жок кылып койгон.

Бакиев куулгандан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен Елисеев сыртынан сегиз жылга кесилген.

Оппозциянын пикиринде Саляновага каршы кылмыш ишинде саясий кызыкчылыктар бар — 2015-жылы ал башкы прокурорлуктан кетип, президент Алмазбек Атамбаевди катуу сынган алгандардын бирине айланган.

Салянова өзү болсо декабрдын аягында «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда ага каршы козголгон иште кылмыш курамы жок экенин айткан.


ТЕМА БОЮНЧА: