Депутаттар Саляновага каршы козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун текшеришмекчи

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Саляновага каршы ишти тыкыр изилдеп чыгуу үчүн комиссия түзүштү. Ага Алексей Елисеевге адвокаттык лицензияны «мыйзамсыз берген» деген күнөө коюлууда.

Саляновага каршы козголгон иш менен таанышуу комиссиясын түзүү чечимин 110 депутаттын 103ү колдоду.

«Бул комиссия коомчулукта жаралган суроолорду саясий себептерден так ажыратышы керек болот», — дейт «Ата Мекендин» депутаты Наталья Никитенко.

Комиссия түзүлгөндөн сырткары, 50дөн ашык юристтер Саляновага каршы куугунтукту токтотууну талап кылышты.

Алар Аида Салянованын ишине дагы бир жолу укуктук баа берүүнү суранышты. Алардын билдирүсүндө, Саляновага каршы козголгон иште кылмыш курамы жок.

Улуттук коопсуздук мамкомитети Елисеевге лицензияны «мыйзамсыз берүү» иши боюнча Салянованы суракка алганга жетишкен. Сурак беш саатка созулуп, анын аягында Салянова суракта айтылгандар тууралуу эч бир маалымат таркатпайм деген колкатка кол койгон.

Саляновага 2010-жылы ал Адилет министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын «мыйзамсыз» узарткан деген күнөө коюлууда. Кыргызстанда бул юрист куулган президент Куманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын адамы болгону менен белгилүү.

Бакиев куулгандан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен Елисеев азыр Латвияда, бул өлкөдө ал 2010-жылы саясий башпаанек алганы жетишкен.

Кыргызстанда адвокат сыртынан сегиз жылга кесилген.

Оппозциянын пикиринде Саляновага каршы кылмыш ишинде саясий кызыкчылыктар бар — 2015-жылы ал башкы прокурорлуктан кетип, президент Алмазбек Атамбаевди катуу сынга алгандардын бирине айланган.

Салянова өзү болсо декабрдын аягында «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда ага каршы козголгон иште кылмыш курамы жок экенин айткан.


ТЕМА БОЮНЧА: