Электр энергиясы менен жылуулук 2017-жылдын аягына чейин кымбаттабайт

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик электр энергиясынын жана жылуулуктун тарифтери көтөрүлө тургандыгы жөнүндө маалыматты жокко чыгарды. Мурда айрым ЖМКлар апрелден тартып баа он пайызга көтөрүлөөрүн жазып чыгышкан болчу.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Таалайбек Нурбашев электр энергиясы кымбаттабай турганын билдирди.

«2017-жылдын аягына чейин соңку керектөөчүлөр үчүн электр энергиясы кымбаттабайт», — деп ишендирди мамлекеттик агенттиктегилер.

Жылуулук да жыл аягына чейин кымбаттабайт.

Мурда Кыргызстандын айрым ЖМКлары 2017-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргызстанда электр жана жылуулук кымбаттай тургандыгын кабарлашкан.

2016-жылы эле премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын августуна чейин тарифтер көтөрүлбөйт деп ишендирген.

Тургундар үчүн электр тарифи айына киловатт-саатына 77 тыйын өлчөмүндө коюлган. 700 киловатт-сааттан ашканда керектөөчүлөр ар бир кошумча киловатт-саат үчүн 2,16 сом төлөшү керек.

Жылуулук үчүн керектөөчүлөргө 1 Гкал үчүн 1695,1 сом өлчөмүндө тариф коюлган.

Ысык суу үчүн үйүндө эсептегич орнотулган тургундар куб метрине 64,38 сом төлөшөт. Эсептөө шаймандарын колдонбогон жарандар киши башына 309,03 сом төлөшөт.