Милицияга түшкөн өспүрүмдөр чоң кишилер менен катар эле кыйноого кабылышат. Уйкудан калтыруу, союл менен сабоо, муунтуу жана тырмагынын алдына ийне киргизүү — орган кызматкерлеринин айрым гана ыкмалары. Бирок ички иштер органдарындагы кыйноо тууралуу расмий арыз берген өспүрүмдөр аз.
Материалдын түп нускасы cabar.asia сайтында жарык көргөн.
Уланды (өз аты башка) милиция былтыр Бишкектин Октябрь районунда уюк телефонунун уурдалганы боюнча шектенип кармаган.
Достору менен кошо кармалган 15 жаштагы өспүрүмдүн эсинен милициядан көргөн запкысы эмгиче кетпейт.
Уурулукка тиешеси жок экенин так айтканына карабастан, аны милициянын райондук бөлүмүндө катуу сабап салышкан. Уландын досторун тез эле чыгарып жиберишсе дагы, анын өзүн дагы 12 саат бою бөлүмдө кармашкан.
«Биз бөлмөдө жалгыз калганда ыкчам кызматкерлердин бири мага жакын келип чачтан алып башым менен столго бир койду. Андан кийин башка, бөйрөккө койгулап, тепкилеп, телефон уурдаганымды моюнга алышымды талап кылып кыйкырып-өкүрө баштады», — деп үрөйү учуп эскерет өспүрүм.
Улан бошотулгандан кийин туугандары аны денесиндеги жаракаттарынан улам дароо ооруканага жеткиришкен.
Улан адаттан тышкары кадамга барып, Бишкек милициясынын кызматкерлерине каршы арыз берди. Иш боюнча иликтөө жүрүп жатат.
Кыйноо боюнча иштердин айрымдары гана сотко жетет, анткен менен көптөгөн фактылар жашы жете элек өспүрүмдөрдүн зомбулукка кабылганын көрсөтүп турат.
2015-жылы Кыргызстандын Кыйноого каршы улуттук борбору убактылуу кармоо изоляторлоруна жана ТИЗОго камалган 14-17 жаштагы өспүрүмдөрдүн арасында анонимдүү сурамжылоо жүргүзгөн.
Суралган 54 өспүрүмдүн ичинен 38и — 70 пайызы — аларга каршы милиция кызматкерлери, тергөөчүлөр же мекеме кызматкерлери кыйноо ыкмаларын колдонгонун же зомбулук кылышканын айтышкан.
Уйкудан калтыруу, союл менен сабоо, муунтуу жана тырмактын астына ийне сайуу – орган кызматкерлеринин ыкмаларынын бир эле чети. Эки өспүрүмдү тышка алып чыгып аязда муздак сууну жаба куюшкан.
Баяндамага жооп иретинде мыйзам чыгаруучулар Ички иштер министрлигине толук иликтөө жүргүзүүнү тапшырышкан.
2016-жылы май айында ошол кездеги ички иштер министри Мелис Турганбаев жергиликтүү милиция башчыларына мекеме кызматкерлеринин жүруш-турушуна катуураак көз салууну табыштаган.
Бирок Кыйноого каршы аракет боюнча улуттук борбордун алдын-ала барп көрүү бөлүмүнүн башчысы IWPRга андан кийин эч кандай аракет болбогонун айтып берди.
Кыйноо төрт жылдан сегиз жылга чейинки түрмө менен, ал эми боюнда бар аялдарга, жашы жете электерге же майыптарга каршы колдонулса 10-15 жылга эркинен ажыратуу менен жазаланат.
Кыйноо Кыргызстанда 2003-жылдан бери кылмыш болуп эсептеле баштаган. Ошондон бери сотко жеткен иштердин көбүндө шектүүлөр же далилдин жетишсиздигинен кое берилип, же аларга расмий эскертүү берилип тим болот.
Жашы жете элек өспүрүмдү кыйноо үчүн милиция кызматкерлерине бир гана жолу өкүм чыккан.
2014-жылдын мартында эки милиция кызматкери кылмышты моюнга алган көрсөтмө алуу максатында мектеп окуучуларына таш боор мамиле кылганы үчүн күнөөлүү деп табылган. Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Нурбек Асанбай уулу менен Шекербек Эрмеков ар бири 11 жылга түрмөгө кесилген.
Кыргызстанда кыйноо боюнча чоң кишилерден 2014-жылы 199 арыз түшсө, 2016-жылдын биринчи жарымында ал 231ге жетти.
Башкы прокуратуранын акыркы статистикалык маалыматтары боюнча жашы жеткен 231 адам 2016-жылдын биринчи жарымында кыйноо тууралуу арыз берген. 200дөй арыз четке кагылган. Милиция кызматкерлерине каршы сегиз кылмыш иши ачылган.
«Голос свободы» («Эркиндик үнү») укук коргоо фондунун юристи Айдар Сыдыков арыздардын саны менен сот иштеринин ортосундагы мынчалык чоң айырманын себеби түшүнүктүү дейт.
«Алар [система] кыйноого кабылган кишинин туугандарына же өзүнө кысым көрсөтүшөт. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери [арыз берген] өз курмандыктарын куугунтуктап, аларга баңгизат салып койгон учурлар болгон», — деди Сыдыков IWPR менен болгон маегинде.
Кыйноого кабылган жашы жете элек жарандар арыз бериши ого бетер күмөн. Асановдун айтымында, сурамжыланган өспүрүмдөрдүн жарымы кыйноого кабылса арыз бергенге укугу бар экенин деле таптакыр билген эмес.
Өспүрүмдөрдүн тогуз пайызы гана расмий түрдө арыз берип, бирок кийин алар да өз дооматынан баш тарткан.
Балдарга кыйноонун тийгизген залакасы өзгөчө айыкпас так калтырышы мүмкүн.
«Эгерде мурун бала дүйнөнү коопсуз деп эсептеп жүргөн болсо, [кыйноодон] кийин ал дүйнөнү коркунучтуу деп эсептеп калат жана эч кимге ишенүүгө болбойт деп ойлоно баштайт», — дейт «Баланын укуктарын коргоочулар лигасы» өкмөттүк эмес уюмунун клиникалык психологу Перизат Асылбаева.
«Кыйноонун психологиялык жактан да залакасы тийип, адамдын уйкусу качып, түшүнөн чочуп, көңүлү чөгүп, шалдырап, же тескерисинче айланадагы дүйнөгө заар пайда болот», — деп, ал адамгерчиликсиз мамиле өспүрүмдү кылмыш жолуна түртүшү ыктымал экенин да кошумчалады.
ИИМдин Коомдук коопсуздук боюнча башкы башкармалыгынын жашы жете электер боюнча бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдрахманов IWPRга министрлик жашы жете электерди түн ичинде суракка алууга тыюу салган түзөтүүлөрдү Кылмыш кодексине киргизүү демилгесин көтөрүп жатканын айтты.
Жалпы көзөмөл да күчөтүлөт, деп кошумчалады ал.
«Бишкектин төрт ИИБинде видеобайкоо камералары орнотулат, — деп сөзүн улады Абдрахманов. – Сурактардын баары жазылып калат».
Өз карьерасын тергөөчү катары баштаган кыргызстандык укук коргоочу Нурбек Токтакунов IWPRга мындай чаралар жетишсиз экенин айтып берди.
Анын айтымында, милициядан кылмыштардын бетин ачуу боюнча ай сайын көрсөткүчтөр талап кылынат.
Бул алар кармалган адамдын жашына карабастан кылмышты моюнга алган көрсөтмө алыш үчүн кыйноо жолуна түшөт деген сөз. Кыйноого каршы аракет боюнча улуттук борбордун сурамжылоосу милиция кызматкерлери жашы жете электердин майда кылмыштарына байланышкан иштерди жаап коюш үчүн кээде пара алышаарын да көрсөттү.
«Алар [милиция кызматкерлери] үчүн [кармалгандар] – бул кылмышкерлер, "бети ачылды" деген графанын толтурулушу жана өз чөнтөгүнө иштеп алуунун жолу», — дейт Токтакунов.
Атын айткысы келбеген Уландын тайежелеринин бири IWPRга айтып бергенине караганда, Бишкек милициясынын Октябрь райондук бөлүмү анын жээнине таш боор мамиле жасалганы боюнча анын арызын каттоодон үч жолу баш тарткан.
Ал жогорку жакка арызданаарын айткандан кийин гана Бишкектин Октябрь районунун прокуратурасы анын арызын кабыл алган.
Психологго барып бир нече жолу көрүнүп келгенине карабастан Улан ошол күнү болгон окуяны эмгиче унута албайт.
«Корко баштадым. Көчөдө баратып балким кайра дагы бирөө кармап алып, дагы бир нерсени илип коебу деп ойлой берем. Мурда түн ортосуна чейин жүрө берчүмүн, — дейт ал. — Азыр милиция кызматкерин же кайгуул автоунаасын көрсөм токтоп, өтүп кеткиче күтүп турам».