Кыргызстан өтө көп карыз алды: экономисттер дефолттон коркуп жатат

Эсеп палатасынын мурдагы башчысы Кыргызстандын бийлигин ыктымал дефолт тууралуу эскертүүгө аракет кылды: өлкө насыячыларга ИДПнын 60 пайыздан ашык өлчөмдө карызы бар. Президент болсо эгерде төмөн пайыздар менен берилип жатса, акча ала бериш керек деп эсептейт. Кыргызстан кантип карызын төлөп берет, дефолт коркунучу чын эле барбы?

Материалдын түп нускасы «Настоящее времянын» сайтына чыккан.

Кыргызстандын Эсеп палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимова биринчи жолу өлкө бийлигин дефолт ыктымалдыгы тууралуу эскертүүгө аракет кылганда аны президент баш болуп сынга алган.

«Ал айтат: "Алыш керек! Мен мындай төмөн пайыздар менен акча алып жаткан биринчи президентмин", — дейт Ибраимова. — Бирок президент бул каражаттарды кантип эффективдүү пайланыш керектиги тууралуу эч нерсе айткан жок».

Бүгүнкү күндө Кыргызстан ар кайсы өлкөлөргө жана донорлорго төрт миллиарддай доллар карыз. Бул ИДПнын дээрлик 60 пайызы — бул көпчүлүк экономисттердин пикиринде, карыз алган өлкө үчүн критикалык көрсөткүч деп эсептелет.

Эксперттер айгай салууда. Эгерде Кыргызстан карыздардын санын көбөйтө берсе жана качандыр бир кезде аны төлөп бере албаса, анда өлкө дефолтко кептелиши мүмкүн. Бул болсо тиешелүү экономикалык кесепеттерге алып барат: инвестициялык рейтингдин кескин түшүшү, баалардын өсүшү жана карызга акча алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоголушу.

Өлкө ичинде болсо бул салыктардын өсүшүн (ишканаларга да, жеке жактарга да), айлыктардын жана пенсиялардын кечеңдешин, билим берүү, медицина жана башка социалдык кызматтарга бюджеттик каражаттардын кыскарышын туюнтуп, жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө алып барат дегенди билдирет.

Эксперттер белгилегендей, Кыргызстан алган карыз акчалар өлкө бийлиги тарабынан өтө эле эффективсиз коротулууда.

«Акчаны алышы алып атабыз, бирок ал канчалык деңгээлде эффективдүү пайдаланылууда? — деп суроо салат Ибраимова. — Жолдорду оңдоого каражаттар канчалык эффективдүү? Биз жол куруп атабыз, андан кийин эмне болот? Бул жолдор Кыргызстандын экономикасына кандайдыр бир нерсе алып келиши керек да!»

«Бул акчаларды экономиканы рационалдуу түрдө өнүктүрө турган тармактарга багыттаса жакшы болмок. Мисалы, мен Түштүк-Түндүк альтернативдик жолунун курулушу кандай экономикалык пайда алып келээрин түшүнбөй турам», — дейт экономист Жунус Ганиев.

Эгерде Кыргызстандын Каржы министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин төрагасы Бакытбек Сатыбеков түзгөн салыштырмалуу таблицага ишене турган болсок, карыздын эң көп бөлүгү учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда алынган.

Президенттин айланасындагылар насыялардын өсүшүн ушундай эле жол туткан АКШнын мисалы менен актап жатышат — аларда мамлекеттик карыз дээрлик ИДПнын көлөмү менен тең. Бирок экономисттер анча деле өнүгө элек Кыргызстанды мындай карыз саясаты банкротко алып барабы деп чочулашат.

«Өнүккөн жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдү салыштырганга болбойт, — деп көшөрөт Бакытбек Сатыбеков. — Өлкө кедей болсо, андай жерде социалдык милдеттенмелер жана мамлекеттин керектөөлөрү да көбүрөөк».

Бирок Каржы министрлиги өз эсебиндеги калган каражатты сыр бойдон калтырууда. Ошондуктан жөнөкөй кыргызстандыктар мамлекет быйыл мамкызматкерлерге айлыктарын, ал эми улгайган тургундарына пенсияларын төлөп береби-жокпу биле алышпайт.

«Биз бул боюнча 3-4 жылдан бери айтып келебиз. Балдар, Орусия Федерациясы ар күнү эсебинде калган каражатын жарыялайт дейбиз. Мунун эмнеси сыр мага түшүнүксүз», — дейт Каржы министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин төрагасы Бакытбек Сатыбеков.

Эксперттердин айтымында, азырынча өкмөт өз милдеттерин такыр эле аткара албайт деп айтууга болбойт. Элмира Ибраимова Кыргызстанда дефолт болбойт деп үмүттөнөт. Бирок бийлик кантип карызды төлөп берет жана кантип экономиканын жандандырат деген суроолордун жообун, анын айтымында, кыргызстандыктар талап кылышы керек.


ТЕМА БОЮНЧА: