Париждеги Эйфел мунарасы ок өткөрбөгөн дубал менен тосулат

Француз борбор калаасынын бийлиги Эйфел мунарасын 2,5 метрлик ок өткөрбөгөн айнек дубал менен тосууну чечкен. Дубал Париждин символун жана туристтерди террористтик чабуулдардан коргоо үчүн тургузулат.

2015-жылдагы террористтик кол салуулардан кийин Франция өзүнүн кооз жерлерин коргоону күчөткөн. Бардык туристтик жайларды өлкөнүн полициясы менен аскерлери коргоого алган.

Кошумча коопсуздук чаралары аскерлердин бирине 2017-жылдын 3-февралында кол салууга тоскоол болгон эмес.

Ошондуктан Париж бийлиги туристтердин арасында белгилүү болгон жайлардагы коопсуздукту күчөтүүнү чечкен. Борбор калаага Эйфел мунарасынын айланасына курула турган ок өткөрбөгөн дубал 20 млн еврого турмакчы.

Курулуш иштерин күз айларына чейин бүтүрүү пландалууда. Учурда мунаранын айланасында убактылуу металл тосмо орнотулган — алар былтыр жайда Европа чемпионаты өткөн учурда коюлган болчу.

Тосмо бир гана мунара менен конокторду эле эмес, анын айланасындагы бактарды да коргойт. Мындан тышкары мунаранын айланасындагы жол кыймылы да жаңыдан жөнгө салынмакчы.

«Эйфел мунарасынын коопсуздугун сактоо боюнча бардык иштерди Франциянын архитекторлору менен кеңешип өткөрүп жатабыз», — деген Париж мэринин орун басары Жан-Франсуа Мартинс.

Террористтер Эйфел мунарасына биринчи жолу кол салып жаткан жок. 2010-жылы кабарлангандай, согушкерлер Европадагы туристтик жайларды, анын ичинде Эйфел мунарасын да колго алууга ниеттенип, ошол жерлерден туткундарды ыргытууну пландашкан.

2016-жылдын сентябрында болсо Францияда кармалган үч террорист аял Париждеги чиркөө менен Эйфел мунарасында жардырууга даярданып жатышканын мойнуна алган.

Эйфел мунарасы — дүйнөдөгү туристтер эң көп барган объекттердин бири. Алгач мунара Парижде 1889-жылы уюштурулган дүйнөлүк көргөзмөнү кооздоп туруш үчүн гана орнотулган убактылуу объект болчу.

Көргөзмөдөн кийин Густав Эйфелдин мунарасын алып салышы керек болуп, бирок мындай чечимден радио доору сактап калган — мунарага радиоаппаратура орнотулган болчу. Азырга чейин Париж телекөрсөтүүсү, уюк байланыш жана метеостанция өз программаларын дал ушул жерден трансляция кылышат.


ТЕМА БОЮНЧА: