«Акылдуу эсептегичтердин» абоненттери «жабдуу бузулгандыктан» ашык акча төлөшкөн. Алардын акчасы кайтарылат

Улуттук энергохолдинг жарыкка ашыкча төлөгөндөр үчүн компания «акылдуу эсептегичтердин» колдонуучуларына акчасын кайрадан эсептеп кайтарып берээрин билдирди. «Жабдуу бузулгандыктан» абоненттерге алда канча чоң суммалар эсептелген эле.

Өкмөттүн чогулушунда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «акылдуу эсептегичтердин» иши тууралуу электр энергиясынын канча кетип жатканын эсептеген жарандардан арыздар түшүп жатканын айтты. Февраль айында көп абоненттерге жарык үчүн адатта төлөп жүргөндөгүдөн ашыкча сумма көрсөтүлгөн эсептер келген.

Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев эгерде абоненттер акчасын ашыкча төлөп койгон болсо, компания алардын акчасын кайра эсептеп кайтарып берээрин айтты.

Анын айтымында, жабдуунун «техникалык бузулушунун» айынан 2016-жылдын декабрынын аягында — 2017-жылдын январынын башында абоненттерге жарык үчүн чоң суммалар эсептелген.

Калиев электр энергиясы канчалык колдонулганын абоненттер менен тактоо иши жүргүзүлүп жатканын айтты.

Анын сөзүнө караганда, компанияга 350 арыз түшкөн, анын ичинен 331 арызга экспертиза жүргүзүлүп, дооматтар жоюлган.

Февралдын башында Бишкектин тургундары электр жарыгына өтө чоң суммадагы эсептер келгени тууралуу арыздана башташкан.

«Адатта мен жарык үчүн айына 5,5 миң сом төлөчү элем, бирок январь айында аба ырайы жылуу болгондуктан биз температураны азайтып койсок дагы, кечээки эсеп 2 миң сомго көбүрөөк келди. Биздин бир кесиптешибиз таптакыр дендароо болду, алар үнөмдөш үчүн январдын жарымын көмүр жагышкан, ага карабай 4 миң сомго көбүрөөк келиптир», — деп жазды «Фейсбукта» Мээрим Шамудинова.