Башкы прокуратура депутат Исаковго каршы иш козгоду

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаков Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда коррупцияга аралашкан деп айыпталууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал жерди жеке адамдарга мыйзамсыз өткөрүп берген.

Исаковго каршы кылмыш иши козголгону 14-февралда белгилүү болду.

Башкы прокуратура президентти колдогон социал-демократтар партиясынан шайланган депутатты ал Жалал-Абад облусунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 2010-жылдан 2015-жылга чейин айыл чарба жерлерин үй салыш үчүн мыйзамсыз өткөрүп берип турган деп айыптоодо.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал жеке турак жай салыш үчүн жалпы жонунан 14,34 гектар жерди өткөрүп берген 315 мыйзамсыз токтом чыгарган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар жарандар ал жер участокторун 1,5 миң доллардан үч миң долларга чейинки баада сатканын түшүндүрүштү», — деп билдирет Башкы прокуратура.

Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иликтейт.

Исаковдун өзүнөн азырынча комментарий алганга мүмкүн болгон жок. Анын жардамчысы депутат бошогондо Kloop.kgнин кабарчылары менен байланышаарын билдирди.

Сүрөт: kenesh.kg