Прокуратура мурдагы премьер-министр Чудиновду 11 жылга түрмөгө камоону суранды

Мамлекеттик айыптоо мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновду жана анын орун басары Искендер Айдаралиевди 11 жылга түрмөгө кесүүнү суранды. Ал эми иштин башкы фигуранты болгон мурунку депутат Карганбек Самаковду 19 жылга түрмөгө кесүүнү суранууда. Аткаминерлер 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаганы үчүн айыпталууда.

Октябрдык райондук сотундагы жарыш сөз убагында прокурор мурунку өкмөт башчысы Чудиновду, мурунку биринчи вице-премьер Айдаралиевди жана мурунку айыл чарба министри Арсланбек Ногоевди, ар бирин 11 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Айыптоо иштин башкы фигуранты, мурунку депутат Карганбек Самаковду 19 жылга, анын баласы Кубанычбек Самаковду 18 жылга түрмөгө кесүүнү суранууда.

Мурдагы депутат Самаков 2008-жылдагы калктуу конуштагы жерлер категориясында айыл чарбасына арналган Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач өкмөтүнүн участкокторунун мыйзамсыз трансформациялышына байланыштуу кылмыш иши боюнча өтүүдө.

Самаков трансформацияланган жерлерди жогору баада алып саткан деп айыпталууда. Тергөөнүн жоромолу боюнча бул иште ага бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев жардам берген.

Жерди трансформациялоо боюнча документке Айдаралиев менен Чудинов кол коюшкан. Алар мыйзамсыз токтом чыгарган деп айыпталууда.

Чудинов өзү ал документ ага үч инстанцияны өткөндөн кийин келген жана ал жерлердин трансформацияланышы мыйзамдуу болгон деп эсептейт.

«Өкмөт жердин кимге таандык экенин текшерип, баары мыйзамдуу экенин аныктаган. Ошондон кийин гана ал токтом мага кол коюуга берилген. Биз болгону жерлерди бир категориядан башкага өткөргөнбүз. Бул токтом жерди бир менчиктен экинчи менчикке өткөрдү деген сөз эмес», — деп эсептейт Чудинов өзү.

Сүрөт: Вечерний Бишкек


ТЕМА БОЮНЧА: