Санкт-Петербургдук физик Евгений Хилькевич дайыма адаттан тыш жүрүштөргө чыгып турат. Кыргыз тоолорундагы саякатында ал жергиликтүү жаратылыштын кооздугун тартып алган. Kloop.kg Евгенийдин сүрөттөрүн жана баяндамасын тартуулайт.

«Мен болгону көргөнүмдү тартып калганга аракет кылдым»

Мен альпинисттер да, бүтүндөй мурдагы СССРдин аймагынан келген туристтер да келип кетип жүргөн абдан кооз жана кызыктуу Тянь-Шань жана Памир-Алай тоо системалары Кыргызстан аркылуу өтөөрүн дайыма билчүмүн.

Тоонун кооздугуна кайдыгер карабаган адам катары мен көргөндөрүмдү фотоаппарат менен тартып калганга аракет кылам. Дал ушу Кыргыз тоо кыркасы менен алгач ирет жүрүшкө чыгышым мени фотография менен алектенишиме, фотосүрөт тартуу өнөрүн үйрөнүп, биринчи жакшы камерамды сатып алышыма түрткү берди. Ал кезде менин колумда жүргөн арзан фотоаппараттын дарамети тоонун көрүнүшүн тартканга жетишсиз болчу.

Акыркы убакта мен туристтик топтордун курамында штаттык фотограф катары иштеп жүрөм. Бул отчёт үчүн жасалат, ал кийин маршруттук-квалификациялык комиссияга жөнөтүлөт. Ал үчүн топтун техникалык жактан татаал жерлерден өтүшүн көрсөткөн жана далилдеген маршруттагы сүрөттөрү талап кылынат.

Бирок бул мага тоонун көрүнүштөрүн көркөм тартууга жолтоо болбойт.

Борбордук Азиядагы жүрүштөр

Борбордук Азиянын масштабы мисалы биздин «өз» тоо системабыз болгон Кавказдан башкача. Борбордук Азияда зор мөңгүлөр, зор тоолор, абдан кооз өрөөндөрдү аралаган узак жүрүштөр бар.

Андан тышкары ар бир өрөөнүндө бирден альплагерь же айылы бар. Ошол эле Кавказдан айырмаланып, бул жерде сен өзүң менен өзүңсүң. Бул жерде маршрут бийигирээк. Кичи-Алайда биз жүрүш бою 3500 метрден ылдый түшкөн жокпуз, бирок жергиликтүү өлчөм менен бул Алай кыркасынын эң төмөнкү эле району.

Негизи эле Борбордук Азиядагы жүрүштөр техниканын гана эмес, дене-бойдун да мыкты даярдыгын талап кылат. Аны аймактын кемчилиги же артыкчылыгы деп эсептешти ар ким өзү чечет.

Тянь-Шандагы жүрүштөрдүн жагымдуу утушу — маршруттан кийин эки күнчө Ысык-Көлдө эс алуу мүмкүнчүлүгү. Аны ошол райондо жүргөн топтордун баары эле пайдаланат окшойт. Баса, цивилизацияга чыккандан кийинки чыгыш тамагы — Борбордук Азиядагы жүрүштөрдүн айныксыз жакшы жагы.

«Жүрүштө фотосүрөтчү болуш дайыма кыйын»

Орто жана жогорку категориялардагы спорттук жүрүш бийик тоолуу шартта үч-төрт жума өз алдынча жашоо дегенди билдирет. Бул тиешелүү дене даярдыгын жана ашуудан өтүүнүн жана чокуга чыгуунун ыктарын талап кылат.

Даярдык мурдагы алда канча жөнөкөй жүрүштөрдө жана үйдөгү машыгууларда ийине жеткирилет. Кичи-Алайга жөнөгөн жүрүштүн алдында мен жумасына эки жолу 20-25 чакырым чуркап, татаал рельефте сактап калуу иштеринин ыкмаларына машыкчумун.

Фотосүрөтчү катары мен башкаларга караганда көбүрөөк кыйналам: жеке жана жалпы шаймандардан тышкары, ошондой эле тамак-аштан жана күймө үчүн отундан тышкары, жонума фототехниканы да көтөрүп жүрөм. Кичи-Алайда, мисалы, мен жети килограмм фотоаппаратура ташып жүргөм.

Мындан тышкары түн ичинде сүрөт тартыш үчүн жылуу төшөктөн турушка туура келет. Чатырдын тышында температура нөлдөн ылдый болуп турганда оор жүрүштөрдөн кийин туруш үчүн үчүн жалкоолукту жеңип чыгыш керек.

Албетте, маршрутта жагымсыз чукул окуялар да болот. 2015-жылы Кыргыз кыркасында жай өтө ысык болуп, жаан көп жааган. Анын айынан таш кулаган учурлар бир топ көбөйдү: бизде эч нерсе болгон жок, бирок башка топтун катышуучусунун башына таш түшүп келатып каскасын жарып кетсе да башы аман калганы бар.

Мен жылына үч-төрт жүрүшкө чыгам. Ар биринде сүрөт тартам. Жүрүштөрдүн биринде алар жакшы чыгат, башкасында начар чыгат, сүрөттөрдүн сапаты райондон эмес, аба ырайынан, маршруттун оордугунан (кечинде алдан тайып калганда кооз нерсени тартыш кыйын) жана ийгиликтен көз каранды.

Эми Норвегияда чаңгек менен жүрүшкө чыксам деген планым бар. Апрелде баштайын деп турам. Бирок албетте, Мароккодогу жүрүштө сындырып алган колум ошого чейин айыкса.

Азыр гипсте отурам, иштей албайм, кыла турган өзгөчө ишим деле жок — акыркы барып келген жердеги фотосүрөттөдү гана иштеп коём, бирок колуң сынык болсо аны деле оңой менен кыла албайт экенсиң.

«Фотосүрөтчүлүк жана жүрүштөргө катышуу — бул эрмек»

Фотосүрөтчүлүккө мен салыштырмалуу жакында эле, 2013-жылдын январынан тартып кызыга баштадым. Ошол убакта мен күзгүлүү шайманымды сатып алып, анын инструкциясын кунт коюп окуп чыгып, ошону менен кезектеги жүрүшкө чыгып кеттим.

Албетте, андан ортозаар эле сүрөттөр чыккан. Ал фотосүрөт өнөрүн андан ары үйрөнүүгө түрткү болду. Албетте, дайыма машыгып турам: ар бир жүрүшкө фотоаппарат ала барып, сүрөт тартам.

Фотография менен жүрүштөр — жалаң эрмек, Кудай жалгап ырахаттын себебин акчанын булагына айландырып албаганга шарт бар. Болбосо эрмегиңден кол жууп, аның экинчи ишке айланып калышы ыктымал. Анын үстүнө коммерциялык фотосүрөтчүлөр үчүн негизги акча булагы — бул тойлордо тартылган сүрөттөр, мага болсо андай иш менен алектенүү абдан жагымсыз болмок.

Жүрүштөрдө гид катары иштеп акча тапсаң болот. Бирок бул сезондук иш, кирешеси деле анча көп эмес. Анын үстүнө кайра эле адамдар менен тыгыз иштешиң керек болот.
Андан тышкары бийик курулуш имараттарында иштеген промальп деген жумуш да бар. Мени азыркы ишимден бошотуп салышса, балким ошону менен алек болом. Азырынча мен Санкт-Петербургдагы Иоффе атындагы Физика-техникалык институтта илимий кызматкер болуп иштейм.

Биздин топ жогорку температурадагы плазманын гамма-диагностикасы менен алектенет. Биздин ишибиздин негизги багыты — эл аралык термоядродук ИТЭР реактору (ал 2025-жылы Францияда курулган атат) үчүн гамма-детекторлорду иштеп чыгып, жасап берүү.

Иш кызыктуу, чыгармачыл, графиги жагымдуу, жакынкы мезгилге чейин өргүү убактысы да узак болчу. Ал ошондой эле институттун эсебинен Европага кызмат сапарларына барып келип турганга мүмкүнчүлүк берет.

Саякаттап барган өлкөлөрү

Негизинен туристтер мурдагы СССРдин аймагында саякатташат. Бир жагынан бул анча кымбат эмес, башка жагынан кургактыктын алтыдан бир бөлүгүндө чын эле кооз жана кызыктуу жерлер көп. Баарына барып келгенге өмүр жетпейт.

Алыскы өлкөлөргө аздыр-көптүр татаалыраак жүрүштөргө чыккандар азыраак: ал бир топ кымбат жана логистика маселесинин айынан кыйла татаал. Мисалы, январдагы майрамдарда Мароккого үчүнчү категориядагы маршрутка (100 чакырымдан кем эмес) барып келгенге аракет кылдык. Бирок маршруттун 70 пайызын жолго жаңыдан чыккан киши катары жүрдүк, анткени жолдогу бөгөттөрдүн так түшүндүрмөсү такыр эле жок экен.

Натыйжада биз маршруттун татаалдыгын туура баалабай коюп, пландалгандан алда канча аз жол басып калдык. Азыр жүрүштүн жетекчиси техникалык отчёт жазып жатат, анда биздин маршрут сүрөттөлөт жана кийинки топтор анча кыйналбай калат.

Андыктан барып келген өлкөлөрдүн тизмеси анча узун эмес — Орусия, Грузия, Абхазия, Кыргызстан, Тажикстан, Марокко, Танзания. Чет өлкөлөрдөгү тоолордун ичинен Гималайга жана Патагония тоолоруна баргым келет. Альпы кооз дейт.

Евгений Хилькевичтин сүрөт альбомдорун бул жерден (Тянь-Шань, 2015) жана бул жерден (Кичи-Алай, 2016) көрсө болот.